Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстанда 34 үй-бүлө үстөк пайызсыз насыя алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети менен социалдык келишим түзүп, аны ийгиликтүү ишке ашыра алган 34 үй-бүлө 200 миң сомдон үстөк пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, үстөк пайызсыз насыя социалдык келишимдин акчасына негизделген ишкерликти кеңейтүү максатында берилет.

"Социалдык келишимге катышып, аны бизнеске же чарбага айландырып, ийгиликтүү ишке ашыра алган жаран алты айдан кийин 200 миң сом үстөк пайызсыз насыя алууга өтүнүч бере алат".

Үстөк пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилет. Насыяны төлөө акча берилгенден үч айдан кийин башталат.

Бул программага катышуу үчүн "Айыл банкка" же "Элдик банкка" кайрылууга болот.

2022-2023-жылы "Социалдык келишим" долбоору аркылуу 100 миң сомдон алган 12 800 үй-бүлөнүн ичинен 80 үй-бүлө акчасын иштете албай, кайтарып беришкен. Аларга комиссиянын чечими менен кайрадан жөлөк пул берилген.

Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында “Социалдык келишим” долбоорун үч жыл мурда баштаган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан адам андан баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алат. Бул үчүн арыз бергендер бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Мындай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң киши мамлекеттен көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө берилди. Быйыл жалпысынан 16 миң 770 үй-бүлө 100 миң сомдон алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG