Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:48

Мас болуп машине айдагандардын күбөлүгүн албай, айыпты көбөйтүү сунушталды


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев мас болуп автоунаа айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратпай айып пулдун суммасын көбөйтүү сунушун берди. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Депутат мас болуп рулга отургандарга 100 миң сом, юридикалык мекемелердин автоунаасы болсо 200 миң сом айып салуу демилгесин көтөрдү.

Документтин маалымкат-негиздемесинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы жазылган. Ага ылайык, 2023-жылы 7810 айдоочу мас абалында машине айдаганы аныкталып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган. Ушул эле жылы күбөлүгү алынган адамдар 1577 мыйзам бузган учурлар катталган. Депутат ушундан улам күбөлүктөн ажыратуу маселени чечпей турганын билдирүүдө.

2023-жылдын 8-мартынан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Мисалы, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG