Токтогул суу сактагычына 13,201 млрд метр куб суу топтолду

Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

29-октябрга карата Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү 13,201 млрд метр кубга жетти. "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалыматында, ушул тапта чөйчөккө агып кирген суунун көлөмү секундасына 274 метр кубду түзсө, андан агып чыккан суу секундасына 328 метр куб болууда.

Былтыр ушул күнү суу сактагычта 11,873 млрд метр куб суу болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, былтыр 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясы керектелген.

Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улам чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 млн кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат бердиМас болуп машине айдагандардын күбөлүгүн албай, айыпты көбөйтүү сунушталдыИспаниялык футболчу Родри “Алтын топ” сыйлыгын алдыКыргызстанда 34 үй-бүлө үстөк пайызсыз насыя алды Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөй киши тартылды