Грузин оппозициясы: Шайлоо легитимсиз, мандаттан баш тартабыз

Тбилисиде нааразылыкка чыккандар, 28-октябрь, 2024-жыл

Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген киши көчөгө чыгып, бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирди. Оппозиция жана өлкө президенти Саломе Зурабишвили жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Тбилисиде өткөн нааразылык митингине миңдеген киши катышып, парламенттин алдына чогулгандар Руставели проспектисин тосуп салышты.

Шайлоого катышып, парламентке өткөн оппозициялык төрт партия тең башкаруучу "Грузин кыялы" 54% менен жеңген шайлоонун жыйынтыгын таануудан таш тарткан. Оппозициялык күчтөр добуш берүү бурмаланды деп санашат.

Президент Саломе Зурабишвили дагы шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, жекшембинин кечинде добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин элди митингге чыгууга үндөгөн.

Парламенттин башкы имаратынын жанына чогулгандар алдына сүйлөгөн сөзүндө Зурабишвили:

"Сиздер, бул жерде чогулгандар утулган жоксуздар! Сиздердин добушту уурдашты, алар сиздердин келечекти да уурдоого аракет кылышты. Бирок андайга эч кимдин укугу жок. Сиздер эч кимге андай укук бербейсиздер", - деп айтып, өлкөнүн европалык өнүгүүгө карай жолунда эли менен аягына чейин турууга убада берди.

Грузияда эмне болуп жатканын маалымдоо үчүн бир күндө 17 эл аралык медиага интервью бергенин, алты президент жана тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн айткан мамлекет башчы Европанын, АКШнын колдоосу бекем экенин белгиледи.

Шайлоодогу бурмалоонун баары акыр аягына чейин кылдат иликтениши зарылдыгын белгилеген Зурабишвили буга жергиликтүү байкоочулар, саясий партиялар жардам берерин, жер-жерлерде эмне болгонун өз көзү менен көргөн шайлоочулардын да далилдери көп экенин, андыктан элдин колдоосуна таянарын айтты.

"Бул биринчи кадам. Саясий партиялар планы кандай экенин өздөрү айтып беришет. Биз өзүбүзгө эмне таандык болсо, ошонун баарын, сиздердин добуш берүүгө болгон конституциялык укугуңуздарды тынч коргойбуз", - деди Зурабишвили.

Ал буга чейин шайлоодо жапырт бурмалоо болгонун баса белгилеп, аны "Орусиянын атайын операциясы" деп сыпаттаган.

«Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук», – деп жарыялаган.

Дагы караңыз "Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция митингге чыгарын жарыялады

Оппозиция: Шайлоо легитимсиз, мандаттан баш тартабыз

"Биримдик - Улуттук кыймылынын" лидерлеринин бири Георгий Вашадзе оппозициянын бийликке койгон талаптары менен тааныштырды:

Георгий Вашадзе

"Биринчи – силер да, биз да бул шайлоону легитимсиз деп эсептейбиз.

Экинчи – биз бул парламентке кирбейбиз жана бардык мандаттардан баш тартып, тизмелерди жокко чыгарабыз.

Үчүнчү – биз жеңишке жетмейинче күрөшөбүз жана ага жетүүгө убада беребиз.

Төртүнчү - биздин шайлоо кайра болсун деген так талабыбыз бар, бирок аны эл аралык шайлоо администрациясы өткөрсүн".

Вашадзе оппозиция "Грузин кыялы" менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын да белгиледи.

"Бир гана кайра шайлоо өткөрүүгө байланыштуу сүйлөшүү жана макулдашуу болушу керек", - деди оппозиция лидерлеринин бири.

Конституцияга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган соң 10 күн ичинде өткөрүлүшү керек. Ал күндү президент белгилейт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Грузия: Президент жана оппозиция элди өз укугун коргоого үндөдү

Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери – ТАСС жана РИА Новости Тбилисиге "митинг маалында чагым салууга Украинада даярдыктан өткөн көзгө атарлар келтиптир" деп жазып ийишкен.

Окуяны жеринен чагылдырган жергиликтүү жана эл аралык медиа каражаттары митинг тынч маанайда өткөнүн кабарлашты.

Кырдаалга көз салып турган полиция бирөө жарымды кармаганы да катталган жок.

Mapchecking кызматынын эсебинде нааразылык акциясына 15 миңге чукул киши чыкты.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембиде жарыялаган расмий жыйынтык боюнча бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,09% добуш алды. Ага ылайык, башкаруучу партия парламенттеги 150 мандаттын 89на ээ болот.

Оппозициялык күчтөргө жалпысынан 61 мандат тийет:

  • "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 10.92%;
  • "Биримдик - улуттук кыймылы" – 10.12%;
  • "Күчтүү Грузия" – 8.78%;
  • "Гахария - Грузия үчүн" – 7.76% добуш чогултту.

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды. Негизги атаандаштык башкаруучу “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрдү.

Бийликтеги партия добуш берген жарандар тынчтыкты же согушту тандарын баса белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп, шайлоо өнөктүгү маалында элди коркутту.

"Грузин кыялынын" лидерлери алардын максаты парламентте конституциялык көпчүлүктү (150 мандаттын 113үн алуу) түзүүгө жетишүү экенин жарыялаган.

Шайлоого көз салган бейөкмөт уюмдар дагы бурмалоо, зордук-зомбулук, административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу фактыларын белгилешти.

"Грузин кыялы" партиясы шайлоодогу мыйзам бузууларды четке какты.