Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Үмөталиев: Грузияда жаштар менен улуу муун ортосунда ажырым күчөгөнү айкын болуп калды


Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Грузин депутататтары талаштуу "чет элдик агент" мыйзам долбоорун 14-майда жактырды. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев саясий реформаларды жүргүзүүдө "Грузиядан үлгү алчу нерселер көп экенин" такай айтып келген. Тбилиси кайсы маалда демократиялык багытынан тайды?

Түстүү ыңкылаптарды башынан өткөрүп, демократиялык реформаларга киришкен постсоветтик эки мамлекетте - Кыргызстан менен Грузияда бул талаштуу мыйзамдын дээрлик бир маалда кабыл алынышы эмнеден кабар берет? Ушул жана башка суроолор менен Эмил Үмөталиевге кайрылдык.

- Калың элдин нааразылыгына карабай Грузиянын парламенти "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алды. Грузин мыйзамчылары эмнеге мындай кадамга барды?

- Грузиянын ички саясаты, албетте, бизге толук түшүнүктүү эмес. Бүгүнкү бийликти Саакашвили (ред: Грузиянын экс-президенти, учурда камакта жаткан Михаил Саакашвили) жана анын тарапташтары "орусиячыл бийлик" деп көп сыпаттайт. Бийлик ошол "Орусиядан көчүрүлгөн" деп саналган мыйзамды кабыл алды. Азырынча он миңдеген адам макул болбой жатканына күбөбүз. Азыркы митингдерге тарыхта болуп көрбөгөндөй сандагы эл чыгып жатат. Ушунча көп күндөн бери грузиндер эркин жоготпой, өздөрүнүн каалоосун, тандоосун коргоп калууга аракет кылууда. Саясат деген күтүлгүс нерсе, кайсы жакка ооп кетерин эч ким айта албайт.

Грузияда азыркы күндө жаштар менен улуу муундун ортосундагы ажырым күчөгөнү айкын болуп калды. Жаңы билимге ээ болгон, жаңы турмушту эңсеген, жаңы көз караштагы жаштар өнүккөн өлкөлөрдүн эрежелерин жана калыстыгын тандап жатат. Бирок орус тилинде сүйлөгөн же совет доорун көрүп калган эски муун "боло берет" деп бийликти карматып коюп, эптеп жан багууга макул дегендей ажырым күчөдү. Эл менен бийлик ортосундагы карама-каршылык каякка алып барарын көрөбүз.

Тбилисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккан түмөндөгөн калк. 11-май, 2024-жыл.
Тбилисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккан түмөндөгөн калк. 11-май, 2024-жыл.

- Батыш мамлекеттери, грузин жаштары бул мыйзам кабыл алынса өлкөнүн Евробиримдикке карай алган багытына балта чабыларын белгилешет. Евробиримдиктин өкүлдөрү санкцияларды караштырып жатканын, алтургай грузин жарандарына берилчү үч айлык визасыз режим жокко чыгарын эскерткен эле. Эми Брюссел сүйлөшүүлөрдү токтобу? Мындан аркы кадамдар кандай болушу мүмкүн?

- Дароо эле токтотпойт го. Жараян тез арада токтоп калышы мүмкүн эмес. Бирок күмөн саноо көбөйөт жана Евробиримдикке кирүү процесси созулуп калышы ыктымал. Азыркы бийликке ал процесттин өтө ылдам ишке ашып кетиши зарыл эместей. Грузин эли негизинен Европага ыктап, ошол баалуулуктарды көздөп, Европадагыдай сотторду, бийликтин алмашып туруусун каалайбыз дегени менен бийликтегилер эки тарапты тең эңсеп турганы байкалат. Европа менен дагы алакасын толук үзүгүсү келбейт, бирок Европадагыдай сот системасын же бийликтин алмашып туруусуна макул эместиги байкалат. Бийликтин таттуулугу авторитардык өлкөлөрдүн эрежесине көбүрөөк ооп турганга да шарт түзүп жатат.

- 2013-жылы Мирсулжан Намазбеков, Жаныбек Абдытегин менен бирге “Грузия кантип реформа жасай алды?” деген китепти которуп, коомдук талкууларда Грузиядан үлгү алчу нерселер көп экенин айтып жүрдүңүз. Башкаларга кайсы бир деңгээлде үлгү болуп келаткан Грузия кайсы маалда бет алган багытын өзгөрттү?

- Грузиянын жасаган реформалары ийгиликтүү болуп, орус тилдүү чөйрөгө үлгү көрсөтүп, тез тарай баштаган сайын орусиячыл өкүлдөр бул жылыштарды токтотконго аракет кыла башташкан. Акыры Саакашвилини бийликтен ажыратышты. Ошентип Саакашвилинин тарапташтары куугунтукталып, алардын ордуна Орусияга жаңы үлгү таратпагыдай, демократиялык өзгөрүлүштөрдү өтө көп даңазалабай турган бийлик келди.

"Грузин кыялы" партиясы бийликке Орусиянын дагы жардамы менен келгендей болду окшойт. 2011-2012-жылдардан кийин реформалар тез жүрбөй, көп жылдар бир калыпта туруп калгандай болуп, ал эми акыркы жылдары толук бойдон түп-тамырынан артка кетпесе дагы алдыга жылбай калды.

- Учурда Тбилиси менен Москванын ортосунда дипломатиялык алакалар жок. Орусия жикчил Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныйт. Ошентсе дагы эмне себептен Грузиянын бийлиги Орусиядан алыстап кете албайт жатат?

- Анткени чек арасы бар да. Грузия кылымдардан бери Түркия менен Орусиянын ортосунда кыпчылып, бир убакта Түркиядан качып, Орусияга ыктаган. Кийин Орусия менен да жыргап кетпестигин түшүнгөн. Акыркы он жылдыктарда "коммунисттик режимдин идеологиясынан баш тартабыз, Европадагы баалуулуктарды тааныйбыз" деп көп аракет жасашты. Бирок ичиндеги мурдагы режимди самагандар, мурдагы жашоону эңсегендердин саны жана жеке экономикалык кызыкчылыкты көздөгөн саясатчылар Саакашвилини утуп кетишти.

Бүгүнкү күндө Орусиянын таасири Грузияга гана жайылган жок. Москва Молдовада өз ордун бекемдегиси келет, бирок Кишинев азыр моюн бербей турат. Өзүңөр билгендей, Орусия Украинада согушту улантууда. Батыштын адилеттүүлүгү, калыстыгы бийликти узурпация кылгандарга коркунуч келтирет деп кооптонот. Азыркы күндө мурдагы СССРге кирген 15 республиканын ичинен төрт-беши гана Москваны тегеректеп турганына күбөбүз. Бир кезде Грузия Орусиянын таасиринен кутулду деген ойлор эрте болуп калыптыр. Чечкиндүү кадамдар болуп, баштарынан согуш өткөнү менен кайра эле айланчыктап турганына биз күбөбүз.

Талаштуу мыйзамга каршы чыккан студенттер. 13-май, 2024-жыл.
Талаштуу мыйзамга каршы чыккан студенттер. 13-май, 2024-жыл.

- Эки постсоветтик мамлекетте - Кыргызстан менен Грузияда дээрлик бир маалда “чет элдик агент” тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы эмнеден кабар берет?

- Буга чейин айтылып келгендей эле "орус дүйнөсү кайра калыбына келиш керек" дегенден кабар берет. СССРдин мурдагы чек арасын орусиялык саясатчылар "орус дүйнөсү" деп белгилеп жүрүшөт. Азыркы учурда деле мындай мүнөздөгү сөздөрдөн баш тартпаган орусиялык саясатчылар бар. Кээ бир радикалдуу саясатчылар кээде Казакстандын да аймактарына ээлик кылуу үмүтүн, каалоосун жашыра албай жүрбөйбү.

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: Президент кандай чечим кабыл алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:53 0:00

Ред: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгон жана “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп убада кылган. Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдүн ондогон жарандык бирикмелери, АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү талаштуу мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG