Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

"Саясий максатты көздөп, өлкөнүн келечегине балта чаап жатышат"


"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамына каршы акция. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамына каршы акция. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл

Грузин парламенти "чет элдик агенттер" мыйзамын кабыл алды. Бирок муну менен башкаруудагы партия толук жеңишке жетти деп айтууга болбойт. Бейөкмөт уюмдар Конституциялык сотко кайрылганы жатат, саясий жараян дагы уланмакчы.  

Мындай ой-пикирин Тбилисидеги Стратегиялык изилдөөлөр борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири, Грузиянын Москвадагы мурдагы элчиси Валерий Чечелашвили бөлүштү. Саясатчы жана дипломат оппозиция "Орусияныкы" деп атаган мыйзам парламенттик шайлоо алдында маалымат айдыңын тазалоону көздөгөнүн да кошумчалады.

- Чуулгандуу мыйзам кабыл алынды. Нааразылык акциялары уланып жатыптыр. Мындан ары окуялар кандай өнүгөт?

Валерий Чечелашвили
Валерий Чечелашвили

- Мен бул маселе боюнча бир нече ой-пикиримди бөлүшө кетейин. Нааразылык акциялары токтобойт, көнүмүшкө айланат, күн сайын уланат деген ойдомун. Кайсы бир учурларда көбүрөөк адам чогулуп, мүнөзү чечкиндүүрөөк болушу мүмкүн. Албетте, ар бир кишинин эле парламенттин жанына күн сайын барууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Муну менен катар 30 чакты университеттин студенттери сабакты таштаганын жарыялады. Менимче, алар митингдердин негизги күчүнө айланат. Дем алыш күндөрү эл көбүрөөк чогулат.

Экинчиден, окуялар эл аралык коомчулуктун реакциясына багыңкы болмокчу. Алсак, ушу тапта Грузияда АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жим О Брайан жүрөт. Ал өкмөт, оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Саясий процесстердин өнүгүшүнө токтолсок, мен аны мындайча элестетем.

Бир нече күндүн ичинде президент убада кылгандай эле мыйзамга вето коёт. Андан кийин парламентте талкуулар жүрөт. Башкаруудагы партия, сыягы, ветону жокко чыгарууга аракеттенет. Же болбосо алардын чечимине ички же сырткы жагдайлар таасир этет. Парламенттеги окуялардын өнүгүшүнө байкоо салып турабыз. Айтайын дегеним, парламенттеги жараян аягына чыга элек.

Ал эми бийликтеги партия президенттин ветосун жеңе алса, анда кийинки баскычка өтөбүз. Жүз чакты бейөкмөт уюм Конституциялык соттон бул мыйзам конституцияга канчалык туура келет деген маселени кароону өтүнөрүн билдиришкен. Ошондой кайрылууга кол койгондон кийин Конституциялык сот жайгашкан Батуми шаары саясий процесстердин чордонуна айланмакчы. Ал жараян көпкө, бир-эки айга созулат деп ойлойм. Июлдун этегинде сот чечимин чыгарышы мүмкүн. Чечим кандай болорун алдын ала болжолдоо кыйын. Сот өз ишин ички жана тышкы кысым болуп жаткан шартта жүргүзөрүн эстен чыгарбайлы. Кыскасы, саясий процесстердин эмки баскычтарын мен ушундай элестетем.

- Демек, башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясынын толук жеңиши тууралуу сөз кылууга эртеби?

- Бул жеңиш партиянын өзүнө кандай залкасын тийгизери белгисиз. Албетте, тактикалык бир утушка жетишишти. Мисалы, калың элдин нааразылыгын жараткан долбоордон тышкары алар алдыдагы шайлоого таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзө алган бир нече мыйзамды өткөрүп алды. Алыс кептей эле шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, гендердик квоталарды алып салууну, дагы бир-эки жоболорду атасак болот.

Ал эми бул конкреттүү мыйзамды алсак, анын жактырылышын толук жеңиш деп атай албаймын. Башкаруудагы партия үчүн анын куну жогору болуп калышы мүмкүн.

- Эмне себептен анда ири нааразылыкка, Еврошаркеттин эскертүүлөрүнө карабай "Грузин кыялы" болбой эле бул мыйзам долбоорун сүрөөнгө алып, өткөрүүгө аябай аракеттенди?

- Эксперттер муну түрдүүчө чечмелешет. Мен өз оюмду айтайын. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, мыйзам парламенттин кароосуна кайрадан алынып чыга электе бийликтеги партия биринчи орунда турган. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы "Бирдиктүү улуттук кыймылынан" 10-1% алдыда келатты.

Алардан тышкары "Грузин кыялына" атаандаш болууга кудуреттүү оппозициялык дагы бир партия бар.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамына каршы демонстрация. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамына каршы демонстрация. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл

Менимче, бийликтеги партия бул мыйзам долбоору коомдун бөлүнүүсүнө алып келерин жакшы билип, кимге добуш берерин чече элек шайлоочуларга таасир этүүнү көздөгөн. Жөнөкөй эсеп мененэле аларга көбүрөөк добуш тиет деп ойлошкон. Бирок бир аз башкача кырдаал түзүлүп калды. Алар мындай олуттуу нааразылык акцияларын, Брюссель менен Вашингтондун мындай катуу реакциясын күткөн эмес. "Грузин кыялы" мыйзамын коргоо үчүн Европага, Батышка каршы күпүлдөгөн сөздөргө өтүп кетти. Дал ошон үчүн аларды Евробиримдикке кошулуу аракеттери үчүн мурда колдоп келген грузиялыктар партиядан жүз бура баштады. 11-майда Тбилисиде 100 миңден ашуун киши катышкан ири жүрүш ошол тенденцияны айгинелейт. Бул башкалаада партия утулуп калат деген ишарат болду. "Грузин кыялы" өзү тарткан тузакка чалынып калды. Элдин жиктешүүсүн өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн саясий күч эми анын залакасына туш болду.

- Бул мыйзам Орусияныкы деген оппозициянын айыптоолоруна кайрылсак. Чындап эле ошондойбу?

- Биринчиден, структурасы, маңызы жагынан бул орусиялык мыйзам. Албетте, азыр беренелерин узун-узун талдабай эле коёлу. Европадагы, Кошмо Штаттардагы өнөктөштөрүбүз бул европалык эмес, орусиялык мыйзам, Грузиянын евроинтеграциясына зыян келтирет, тескерисинче, өлкөнү шаркеттен алыстатат деп айтканы да чоң жүйө.

Жалгыз Кремлден гана мыйзамды колдогон аваздар угулуп жатат. Песков, Медведев, Лавров үн катканы аз келгенсип, улутчул пропагандачы Дугин Европага каршы турасыңар деп грузиндерди мактады.

Чет элдик агенттер мыйзамдарын кабыл алуу демилгеси Кыргызстанда, бизде, оккупацияланган Абхазияда, Босния жана Герцеговинада бир учурда көтөрүлгөн. Анын артында ким турганы түшүнүктүү да.

- Москванын таасири байкалууда дегенге жатабы?

- Аталган мыйзамдын башкы максаты маалымат айдыңын тазалоо болуп эсептелет. Бейөкмөт уюмдар кантип иштегенин карап көрсөңөр. Алар эл аралык донорлордон каражат алышат. Бул чөйрөдө иштегендердин бардыгы эле ар бир тыйын, ошол донорлордун акчасы кайда жумшалганы жөнүндө отчёт берип туруу, документтерди так, ачык жүргүзүү зарылдыгын жакшы билишет. Күмөн саноого жем ташталса эле, эмки жолу эч кандай долбооруңду карап да коюшпайт. Бейөкмөт уюмдар долбоорлорун каржылоого донорлордон акча алуу үчүн бири-бири менен аябай атаандашат.

Грузия эгемендигин калыбына келтирген 35 жылдан бери Европа мамлекеттери, АКШ өлкөгө европалык үлгүдөгү демократияны курууга жардам берүү үчүн миллиарддап доллар сарпташты.

"Орусиялык мыйзамга жол жок" деген акциянын катышуучулары. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл
"Орусиялык мыйзамга жол жок" деген акциянын катышуучулары. Тбилиси. 14-май, 2024-жыл

Институционалдык демократия түзүүнү кааласаңар, ага умтулганда гана Европа биримдигине жакындайсыңар же мүчө боло аласыңар. Ошол демократиянын негизги компоненти болуп бийликтин шайлоо аркылуу алмашуусу эсептелет. Эми биз ошол демократияны орнотууну көздөгөн долбоорлорго каршы чыккандай болуп калдык. Талаштуу мыйзамдын жардамы менен бийликтеги партия октябрдагы шайлоодо үстөмдүк кылууна көздөйт. Анын максаты мына ушунда.

- Башкача айтканда, саясий максаттарды көздөп Грузиянын евроинтеграциясын садага чаап жатышабы?

- Сиз маселенин башкы маанисин туура түшүндүңүз. Мыйзам долбооруна болгон нааразылык эми бийликтин тышкы саясатынын өзгөрүшүнө, Европа багытынан Орусия багытына тайганына каршы акцияларга айланды. Себеби "Грузин кыялы" партиясы Батышка каршы күпүлдөп калды, Батыш өкмөттү төңкөрүүнү максат кылган дегенге чейин жетти. 2020-жылы, андан кийин 2023-жылы андай кутум ишке ашкан жок деп, бирок далилдерди, кармалган кишилерди көргөзүшкөн жок. Арийне, грузин коому мындай билдирүүлөргө алданып калбайт. Калктын 85% Еврошаркетке мүчөлүктү колдойт, 80% жетпегени НАТОго кирүүнү жактайт. Муну акыркы 30 жылда жүргүзүлүп келген социалдык изилдөөлөр көргөзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG