Орусия Украинанын 11 аймагын дрон жана ракета менен аткылады

Украина.

Украинанын абадан коргонуу системалары бейшембиге караган түнү жана эртең менен өлкөнүн 11 аймагында Орусия учурган согуштук 50 дрондун 40ын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн, жетөө электрондук жана навигациялык тоскоолдуктан улам адаштырылганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди.

Учкучсуз учактар Одесса, Николаев, Днепропетров, Винница, Житомир, Хмельницкий, Черкасск, Кировоград, Киев, Полтава жана Чернигов облустарынын аймагына учурулганы маалымдалды. Дрондордун экөө Орусиянын жана Беларустун аймагына кайткан.

Ал эми Харьков облусунда Купянск шаарында орус аскерлеринин соккусунан адамдар жабыркаганын, арасында каза болгондор бар экенин, баштапкы маалымат боюнча өлгөндөр экөө деп эсептелип жатканын облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди.

Хмельницкийде дрондун сыныктары түшкөн жерде өрт чыгып, турак үйдүн жана мейманкананын 40ка жакын тургуну эвакуация болду.

Дрондон тышкары Орусия бул жолу Украинаны башкарылуучу эки жана дагы канаттуу эки ракета менен атты. Алардын бири да максатына жетпегени белгиленди.

Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн «жеңиш планы» толук ишке ашканда украин тарап демилгелеген Тынчтык саммитине Орусия да катышарын бүгүн 24-октябрда «Крым платформасы» саммитинин катышуучуларына кайрылуусунда айтты. Планда Орусияны согушун токтотууга аргасыз кыла турган бардык кадамдар жазылганын белгиледи.

Зеленский беш пункттан турган «жеңиш планын» өлкө парламенти Жогорку Радага 16-октябрда айтып берген. Ал өнөктөштөрдү “алыска атуучу куралды Украинанын Орусия басып алган бардык аймактарында жана Орусиянын өзүндө, анын аскердик инфраструктурасында колдонууга каршы чектөөнү алып салууга” жана “запастагы бригадаларды жабдууга жардам берүүгө” чакырган.

Орусия Украинага кол салбаганын, атайын аскердик операция гана жүргүзүп жатканын айтууда. (RK)

Дагы караңыз

"Жаңы стадиондор ачылды". Кыргыз футболунун кыялы жана дымагы "Сыйлыктар мага жигердүү журналист болууга шык берет" Кремлдин 2024-жылдагы шайлоолорго кийлигишүү тактикасыГрузия: Бийликтеги партия шайлоо алдындагы тынч митингин өткөрдү