Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

"Жаңы стадиондор ачылды". Кыргыз футболунун кыялы жана дымагы


“Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы.
“Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы.

Ушул аптада Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясы жана Чүйдүн Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы ачылды. Футбол адистери бул борборлор Кыргызстандын футбол чемпионатын күчтөндүрүп, өлкөдө футболду өнүктүрүүгө шарт түзөт деген пикирде.  

Кыргыз футбол биримдиги өлкө чемпионатында ойногон командаларды көбөйтүүгө белсенип жатканын билдирди.

22-октябрда Бишкектин Медеров көчөсүндө жайгашкан футбол борборунун академиясы ачылды. Ачылуу аземине президент Садыр Жапаров, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Андан кийин эле президент баш болгон жоон топ Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасынын ачылышында болушту.

Президент Садыр Жапаров, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Мурас Юнайтед" клубунун машыгуу базасынын ачылышында.
Президент Садыр Жапаров, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Мурас Юнайтед" клубунун машыгуу базасынын ачылышында.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда футбол күйөрмандары көп экенин белгилеп, футбол объекттерин курууга салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

“Бул эки объектте тең бардык футболчулар үчүн жооптуу мелдештерге жана беттештерге толук жана натыйжалуу даярдана турган бардык шарттарды түзүү максаты коюлган. Анын ичинде футбол оюн талаалары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спорттук комплекс, мейманкана комплекси, кафетерий жана башка шарттар каралган”, - деди Садыр Жапаров.

3,37 гектар аянтты ээлеген Улуттук футбол академиясы мурунку футбол федерациясынын ордуна курулган. Бул жер уюмга 2003-жылы Бишкек мэриясы тарабынан 45 жылга ижарага берилген. Мурда бул борбордо эки чоң футбол талаасы, кичи футбол үчүн бир нече талаалар жана Кыргыз футбол биримдигинин чакан имараты жайгашкан эле.

Реконструкциядан өткөн академия учурда заманбап спорттук объектилерди камтып, табигый жана жасалма шиберлүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар бар.

Кыргыз футбол биримдиги академиянын курулушу ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын, футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашканын билдиргени менен, канча каражат кеткени тууралуу маалымат берген жок.

Улуттук футбол академиясы.
Улуттук футбол академиясы.

Эл ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин футбол командасы деп айтылып келген “Мурас Юнайтед” клубунун машыгуу базасы 3,5 гектар аянтта жайгашып, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт экен.

Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган. Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма шибер менен капталган эки кичи футбол талаасы жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы, 120 орундуу унаа токтотуучу жай бар.

“Мурас Юнайтед” клубунун жетекчиси Айбек Алыбаев машыгуу базасын курууга жеке инвесторлор тартылганын "Азаттыкка" айтты.

"Мамлекет жерди ижарага берди, Футбол биримдиги жарыктандырууну, чатырды кармап, аба үйлөп туруучу түзүмдү орнотуп берди, ал эми оюн талаасына, имаратка жеке инвесторлор каражат бөлдү. Жалпылап айтканда, 10 млн доллардан ашыгыраак каражат кетти", - деди ал.

“Мурас Юнайтед” клубунун машыгуу базасы
“Мурас Юнайтед” клубунун машыгуу базасы

“Мурас Юнайтед” клубунун машыгуу базасы Орук айылындагы жаңы курулуп жаткан стадионго жанаша жайгашкан. Футбол адистери клубдун өзүнүн базасы курулганын кубатташууда.

Спорт журналист Тенгелбес Мусаев бул кыргыз футбол чемпионатын күчтөндүрүүгө шарт түзөт деген пикирде:

Тенгелбес Мусаев.
Тенгелбес Мусаев.

“Кыргызстанда футболдук инфратүзүмдү жакшыртууга жакшы көңүл бурулуп жатканы мени аябай кубандырат. Мурун биздин футболго жетиштүү көңүл бурулчу эмес. Эки сапаттуу футбол объектилеринин ачылышы футболду өнүктүрүүгө шарт түзөт. Баарына белгилүү болгондой, Кыргызстандын футбол чемпионатындагы күчтүү атандаштык улуттук кураманын чыңалышына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өлкө чемпионаты күчтүү болсо, улуттук курама да күчтүү болот. Сапаттуу футбол талаалары, спорттук объекттер футболчулардын тажрыйбасын өнүктүрүүүгө өбөлгө түзүп, күйөрмандарды кызыктырат. Эмки жылдан тартып күйөрмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Кыргызстандын футбол чемпионатынын оюндарын кечкисин өткөрүү пландаштырылып жатканы айтылууда”.

Кыргызстан футболу эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында. Өлкөнүн ички чемпионатында 10 команда бар. Бирок атаандаштык күчтүү эмес. Ошол эле маалда инфраструктура боюнча маселе көп, ички чемпионаттарга күйөрмандар да көп келбейт. Курама команданын оюндарына гана кызыгуу бар.

Футбол адистери улуттук курама мыкты болушу үчүн жергиликтүү клубдарды күчтөндүрүү керек экенин байма-бай айтып келет.

Оштун "Алай" клубу 2022-жылдагы Кыргызстандын Супер кубогун уткан учуру.
Оштун "Алай" клубу 2022-жылдагы Кыргызстандын Супер кубогун уткан учуру.

Кыргыз премьер-лигасы деп аталган өлкө чемпионатында 10 клуб ойнойт. Алар: "Дордой", "Алга", "Алай", "Нефтчи", "Мурас-Юнайтед", "Талант", "Кыргызалтын, "Илбирс", "ОшМУ-Алдиер" жана "Абдыш-Ата" клубдары. Алардын ичинен "Алга", "Алай" клубдары муниципалдык болуп саналат. "Алга" клубу Бишкек мэриясынын, "Алай" Ош мэриясынын бюджетинен каржыланат. Кара-Балта мэриясынын карамагындагы “Кара-Балта” клубу быйыл атын өзгөртүп, аны каржылаган "Кыргызалтын" ишканасынын атын алган.

"Ошму-Алдиер" клубу болсо Ош мамлекеттик университетинин базасында 2022-жылы түзүлгөн. "Мурас-Юнайтед" клубу 2023-жылы түзүлүп, дароо эле Кыргызстандын чемпионатында ойной баштаган. Калган клубдар жеке ишкерлердин жана футбол союзунун каржылоосунда чемпионатка катышып келет.

Кыргызстандын футбол биримдигинин вице-президенти Нурдин Букуев өлкө чемпионатында ойногон командалардын санын 12ге жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Нурдин Букуев.
Нурдин Букуев.

"Быйыл февраль айынан тарта ушул күнгө чейин 18 объекттин ичинде оңдоп-түзөө жана кайрадан куруу иштери жүрүүдө. Жылдын аягына чейин 12си ишке кирет деген планыбыз бар. Инфратүзүмдүк объектилердин, тактап айтканда, футбол стадоиондордун, оюн талааларынын көбөйүшү менен футболдук клубдардын, командалардын көбөйүүсү да күтүлүүдө. Азыркы учурда Жогорку лигада (өлкө чемпионатында) 10 команда ойноп жатса, эмки жылы 12 командага жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Андан сырткары Улуттук Лигада ойногон командалардын санын 20 командага жеткирүүнү көздөп жатабыз", - деди Нурдин Букуев.

Кыргыз футбол курамасы быйыл январь айында Катарда өткөн Азия Кубогунда тайпадан чыга албай калгандан кийин, ошондогу уюмдун президенти Медер Сыдыков кызматтан кеткен. Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол биримдигин башкарууну сунуштап, көп өтпөй, тагыраагы, 19-февралда Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине шайланган.

Ташиев кызматына киришип жатып, өлкөдөгү футболдук инфратүзүмдү жакшыртарын убада кылган.

Учурда Бишкектеги, Оштогу, Жалал-Абаддагы, Кочкор-Атадагы борбордук стадиондор оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке киргизилген. Андан сырткары “Талант”, “Алга” клубдарынын машыгуу базалары, Кара-Балта шаарындагы борбордук стадиондон тартып дагы бир канча стадиондордо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG