Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

"Сыйлыктар мага жигердүү журналист болууга шык берет"


 Айке Бейшекеева тергөө абагында тогуз ай отуруп чыкканда тартылган сүрөт. 10-октябрь, 2024-жыл
Айке Бейшекеева тергөө абагында тогуз ай отуруп чыкканда тартылган сүрөт. 10-октябрь, 2024-жыл

Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева эл аралык Free Press Awards 2024 сыйлыгына татыды. 23 жаштагы журналист тогуз айга чукул тергөө абагында отуруп, 10-октябрда пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан.

Мунун алдында ага адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн дагы бир эл аралык сыйлык берилген.

Баш кеңсеси Амстердамда жайгашкан Free Press Unlimited уюму жыл сайын эки журналистке “Жылдын жаңы журналисти” жана “Эң чыдамкай журналист” номинациялары боюнча сыйлыктарды ыйгарат.

Аталган уюмдун Free Press Awards сыйлыгынын быйылкы жылдагы жеңүүчүлөрүнүн ысымы 21-октябрда, Гаагадагы Nieuwspoortта өткөн Free Press Live иш-чарасында жарыяланды. “Жылдын жаңы журналисти сыйлыгынын” (Newcomer of the Year Award) жеңүүчүсү кыргызстандык журналист Айке Бейшекеевага ыйгарылса, “Эң чыдамкай журналист” (Most Resilient Journalist Award) сыйлыгы палестиналык фотожурналист Мохаммед Заанунга тапшырылды.

"Сыйлык берилерин абакта уктум"

Тогуз айга чукул тергөө абагында отуруп, 10-октябрда пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан Айке Бейшекеева бул сыйлыкка татыганын темир тор артында отурганда уккан.

“Сыйлык тапшыруу аземи 21-октябрда болгон, бирок мен уюмга ыраазычылык кат жазганым үчүн сыйлык тууралуу бир аз эртерээк билгем. Мен тергөө абагынан чыга турган учур болчу. Ыраазычылык кат жазып коюш керек экенин мага адвокатым айткан. Катта эмнеге камакта олтурганым, ал жакта кандай акыбалда жүргөнүм жазылган. Абакта отурганда сырттагы жаңылыктарды адвокатым аркылуу угуп аттым”.


Тогуз айлык абак турмушу Айкенин саламаттыгына кедергисин тийгизген. Ал азыр ден соолугун карап жатканын, алдыда кайрадан журналисттик ишмердигин улантарын айтып берди:

“Камакта отурганда өпкөң, көзүң ооруйт. Азыр ушуларды так текшертип, ден соолугумду карап жүрөм. Анан көптөн бери көрүшпөгөн тууган-урук, досторум менен жолугушуп атам. Ошол эле убакта акырындан окуп, жазып жумушка киришкенге аракеттенип жатам. Эл аралык сыйлыктар мага токтобо, таштаба деген шык берди. Ошондуктан мен бул тармакты таштабайм, кайрадан журналистикада иштей берем”.

Айке 23 жашта. Баш калаа Бишкекте туулуп-өсүп, №38 мектеп-гимназиядан орто билим алган. Жогорку билимди Польшадагы Вистула университетинен алып, журналистика бөлүмүндө 3-курста окуп жаткан. Ал алты тилде эркин сүйлөйт.

Туура бир ай мурда ага Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгын ыйгарган.

Журналистке сыйлыктын берилиши бийликке коңгурообу?

Журналист жана медиа талдоочу Миржан Балыбаев эл аралык сыйлыктардын берилиши сөз эркиндиги жаатында кыргызстандык укук коргоо, сот органдарына коңгуроо болушу керек деп эсептейт:

Миржан Балыбаев.
Миржан Балыбаев.

“Бул уюмдун Айкеге сыйлык бериши - Кыргызстандагы журналистиканын абалына көңүл бурдуруу аракети. Экинчиден, журналисттин эмгегин таанып, баа берип жатышат. Үчүнчүдөн, сыйлык, менимче, биздин укук коргоо, сот органдарына коңгуроо болду. Эми ушул тармакка көңүл бурулушу керек деп эсептейм. Анткени азыр сөз эркиндигинин абалын начарлаткан мыйзамдар көп кабыл алынып жатат. Айке жана аны менен кошо кармалган журналисттерге коюлган айыптардын канчалык негиздүү-негизсиз экенин аларга өкүм чыгардан мурун эле юристтер, укук коргоочулар аныктап, далилдеп беришпедиби”.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мындай сыйлык Айкенин каармандыгы, чынчылдыгы, өз кесибин сүйгөндүгү үчүн берилди деп эсептейт:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

“Адам укугун коргоо жаатындагы көрсөткөн каармандыгы үчүн Айке экинчи ирет эл аралык сыйлыкка татыды. Өзүбүз баалабаган адамды чет элдик уюмдар баалап жатат. Чынында эле адам укуктарын коргоодогу Айкенин көрсөткөн каармандыгы алкышка татыйт. Маселен, мен азыркы бийликтин туура эмес жүргүзүп жаткан саясаты үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылдым, мага кылмыш иши ачылды. 66 жаштагы мен эркек башым менен чыдай албай, моралдык жактан көп азап тарттым. Ал эми Айке кызыбыз түрмөдө жатып каармандыгын көрсөттү. Бул деген кыргыздын келечек мууну адилеттүүлүктү, чындыкты сүйгөн муун катары калыптанып келе жатканын айгинелеп турат”.

11 журналисттин ишинин таржымалы

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бишкектин Ленин райондук соту алардын иши боюнча 10-октябрда өкүм чыгарды. Анын негизинде, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести.

Ал эми “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, экөө сот залынан бошотулган.

Январда кармалып, апрелде үй камагына чыккан Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.

  • Бул ирет Free Press Unlimited уюмунун “Эң чыдамкай журналист” сыйлыгына Айке менен катар татыган Мохаммед Заанун 20 жылдан ашуун убакыттан бери Газадагы жашоону жана андагы курмандыктарды документтештирип келет. Мухаммеддин Газа тилкесиндеги үйү Израилдин аба соккуларынын бутасына айланып, урандыларынын алдынан балдарын куткарып чыккан.
  • Бир нече айдан бери ал Египетте жашап жатат, бирок дагы эле өз иши жана жеке социалдык тармактары аркылуу маалыматтар менен бөлүшүп турат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

XS
SM
MD
LG