Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Грузия: Бийликтеги партия шайлоо алдындагы тынч митингин өткөрдү


Бидзина Иванишвили.
Бидзина Иванишвили.

Грузияда парламенттик шайлоо алдында бийликтеги партия шайлоочулары менен соңку жолугушуусун өткөрдү. “Азаттыктын” грузин кызматы билдиргендей, “Грузин кыялы” партиясын колдогон митинг борбор калаа Тбилисиде 23-октябрда өттү. 1,5 саатка созулган иш-чара партиянын лидери, Бидзина Иванишвилинин уулу Бера Иванишвилинин сөзү жана ыры менен жыйынтыкталды.

Партия өкүлдөрү митингге миңдеген киши катышканын билдиришти. Ал эми оппозициялык сайттар адамдарды аянтка автобус менен ташып барышканын жазып, сүрөт жана видеолорун жарыялашты.

Кремлчил олигарх Иванишвили «Грузин кыялынын» башкаруусунда Грузия «мыйзам үстөмдүгү жана адамдык кадыр-баркты урматтоо» жолунда баратканын айтты. Ошондой эле ал Грузия Европа Биримдигине мүчө болорун белгиледи.

Оппозициянын шайлоо алдындагы соңку масштабдуу акциясы 20-октябрда өткөн. Европалык өнүгүүгө ыктаган, «Грузин кыялынын» саясатын колдобогон миңдеген киши борбор калаа Тбилисиге чогулган. Алар эгер аталган партия бийликте калса демократия жана Евробиримдикке мүчө болуу үмүтү тепселенерин айтышкан.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Орусиячыл партия Москваны Украинага каршы согушу үчүн айыптаган, бирок санкция жарыялоодон баш тарткан. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Саломе Зурабишвили өлкө бул күнү "же Орусиянын кулу болуу, же Европа менен кызматташуу" жолун тандай турганын айткан.

2023-жылы 14-декабрда Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга расмий түрдө талапкер макамын берген.

Бирок андан бери Орусияныкына окшогон бир нече чечим кабыл алынгандан кийин грузин бийлиги Батыштагы өнөктөштөрүнүн сынына кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG