Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Кремлдин 2024-жылдагы шайлоолорго кийлигишүү тактикасы


Молдовадагы шайлоо. Кишинев, 20-октябрь, 2024-жыл
Молдовадагы шайлоо. Кишинев, 20-октябрь, 2024-жыл

Чыгыш Европада шайлоолор сезону башталганы Украинадагы согуштун сазына баткан, туш-туштан өзүнө өнөктөш издеген Кремль үчүн ошол өнөктүктөрдүн мааниси болуп көрбөгөндөй артты. Москва жана чөлкөмдөгү популист шериктери добуш берүүлөргө таасир этүү үчүн кандай ыкмаларды колдонушат?

Молдова өлкө келечегин аныктаган президенттик шайлоо жана Еврошаркет боюнча референдум өткөрдү.

Румыния кремлчил саясатчыга нобярдагы президенттик шайлоого катышууга тыюу салды.

Ал эми Болгариядагы ашынган оңчул “Кайра жаралуу” партиясы парламентте бир топ мандат алат деп күтүлүүдө.

Кызматташуу үчүн адамдарды өтө кылдат тандабагыла

Украиналык саясат изилдөөчү жана ашынган оңчулдар боюнча эксперт Антон Шеховцовдун пикиринде, Москванын "А" планында “адегенде салттуу күчтөр менен кызматташып” кийин аларды Орусиянын тышкы саясатынын кызыкчылыктарына ылайыкташтырып "сатып алуу" каралган.

Айрым өлкөлөрдө ал план жемишин берип, Кремль Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Сербиянын президенти Александр Вучич, Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо менен жакшы мамилелерди курууга жетишкен.

“Салттуу күчтөр өзгөчө 2014-жылы Крымдын аннексиясы жана 2022-жылдын февралынан кийин популисттерге караганда Орусия менен кызматташууну анча каалабайт”, - деп улантат эксперт.

Андыктан "Б" планына кайтуу зарылдыгы пайда болду. Пенсилвания университетинин профессору Митчелл Оренштейндин айтымында, “Орусия адатта ашынган оңчул партияларды колдогону менен болочокто ашынган солчулдар менен да альянс түзүп, кайсы бир деңгээлде борборчул күчтөрдү да колдойт”.

Прагматикалык аракеттер жана саясий маргиналдар менен иш алып баруу өз жемишин бериши мүмкүн. Жылдар бою Болгариядагы “Кайра жаралуу” партиясынын лидери Костадин Костадинов ашынган күчтөрдүн чөйрөсүнө кирип келген. Сыгандарды “мите” деп атап, мигранттарды кемсинткени бар. Эми болсо анын демократиялык реформаларга жана Болгариянын НАТОго мүчө болуусуна каршы чыккан партиясы 27-октябрдагы парламенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеши ыктымал.

Акча салынган куржундардан этият болгула

Кремлдин таасиринен арылууга аракеттенип келаткан Молдованын бийлиги жакында добуштарды сатып алуу жана Евробиримдик тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн орусиячыл олигарх Илан Шор жетектеген схеманын бетин ачканын билдирди. Өлкөнүн атайын кызматы сентябрь айында эле 130 миң жаранга Орусиядан 15 миллион доллар которулганы аныкталганын билдирген.

Илон Шор.
Илон Шор.

Бирок андай схемалардын бетин ачуу кыйын. Эмне дегенде финансылык колдоо бир күндүк компаниялар жана офшордогу эсептер аркылуу жүргүзүлөт. Тикелей каржылоо Кремль үчүн кооптуу тактика.

Жалган маалымат агымы

Москва үчүн Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн күчтөндүрүүнүн эң арзан жана натыйжалуу ыкмасы – дезинформация рыногун толтуруу.

RT өңдүү мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан тышкары Орусиянын “европалык түрдүү тилдериндеги сайттары бар. Алар истеблишментке каршы, популист күчтөрүнүн кызыкчылыгына төп келген маалыматтарды жайылтуу менен алектенет”, - деп айтат Шеховцов.

Америкалык Meta компаниясы 11-октябрда билдиргендей, орус тилдүү молдовалыктарга багытталган аккаунттардын түйүнү өчүрүлдү. Өздөрүн көз карандысыз кабар агенттиктери деп тааныштырган ошол баракчалар орусиячыл мазмунду таратып келген.

Коркутуу аркылуу мобилизациялоо

Жалган маалыматтарга ишенсек, мигранттар силердин жумуш ордуңарды ээлеп алышат, ЛГБТ балдарыңарды азгырат, чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдар өкмөтүңөрдү төңкөрүүнү көздөйт, фашисттик Украинада тынчтык орнотуу Орусиянын гана колунан келет.

Жакында Молдованын мурдагы мамлекет башчысы, Москва колдогон Игорь Додон сөздөрүн эч кандай далилдер менен бекемдебестен, европачыл президент Майя Санду кайрадан шайланса, мамлекеттик мекемелерде “ЛГБТга квоталар” киргизилерин айтып коркутту.

Ал эми Болгарияда “Кайра жаралуу” партиясы Орусиянын үлгүсүндөгү чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды сүрөөнгө алып келатат. Партиянын жетекчиси Костадинов өлкөнүн чет элдик ири донору болгон “Америка Болгарияга” деген фондго сөөмөй кезеп, “Кезек силерге келет" деп эскертти.

Эли демократиядан көңүлү калган жана көбүнчө ковидден кийинки экономикалык каатчылыктан чарчаган консервативдүү коомдордо мындай эмоционалдык билдирүүлөр катуу таасир тийгизет.

Калктын көнгөн турмушуна жана суверенитетке коркунуч туулуп жатат деген коркутуулардын фонунда Орусия өзүн региондун куткаруучусу катары көргөзүп келет.

Маалыматтарды адаптация кылгыла

Кремль өз стратегиясын ар кайсы өлкөдө жергиликтүү өзгөчөлүктөрду эске алып жүргүзөт.

“Бир жерде панславизмге басым жасаса, башка өлкөдө диний байланыштарды белгилейт, үчүнчүсүндө Украинага каршы маанайды колдонушат”, - деп айтат Оренштейн.

Алсак, Болгарияда орусиячыл партиялар советтик мезгилди эңсөө сезимине таянышат. Анын үстүнө Орусия болгарларды Осмон империясынан бошотконун мээсине сиңирген. Венгрия жана Словакияда кремлчил партиялар мигранттардын агымы, Еврошаркет улуттук суверенитетке доо кетирет деген билдирүүлөр менен коркутушат.

Молдовада мурдагы губернатор, Москвага ыктаган саясатчы Ирина Влах молдовандар арасында румын паспортун алгандардын көптүгү Бухаресттин чакан жана жакыр кошунасын басып алуу планын чагылдырат деп билдирген.

Кээ бир болгарлар Советтер Союзу бар кезде аны менен кызматташыткта болгон өлкөдөгү абалды эңсешет.
Кээ бир болгарлар Советтер Союзу бар кезде аны менен кызматташыткта болгон өлкөдөгү абалды эңсешет.

Кремлдин көздөгөнү эмне?

Москва узак перспективада Евробиримдик менен НАТОго көлөкө түшүрүүнү жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн Орусиянын орбитасына кайтарууну көздөйт.

Кыска мөөнөттөгү максатын Украинадагы согушка байланыштырса болот. Кремль үчүн бул – Киевге аскердик жана экономикалык жардам бериш керек деген Европадагы чабал консенсусту жок кылууга барабар.

Оренштейндин айтымында, Москваны алар Чыгыш Европада колдогон саясий партиялардын “тышкы саясаттагы багыты” кызыктырат. Эмне дегенде санкция же Крымдын макамы өңдүү маселелерде алардан колдоо күтөт.

“Айрымдары Орусияны көңүл назарына алып, тышкы саясаттагы позицияларын иш жүзүндө өзгөрткөн, - деп айтат эксперт.

Ошл эле маалда Кремль сөзсүз эле колдоого муктаж эмес. Айрым учурда Москва мокочодой корккон демократияга жана жарандык коомго көлөкө түшүрүү үчүн калкты бөлүп-жаруу, талаш-тартышка, ырксыздыкка жем таштоо эле жетиштүү.

Макаланын автору "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун редактору Luke Allnutt.

XS
SM
MD
LG