Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узарды

Райымбек Матраимов. УКМК тараткан сүрөт.

Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтүн 26-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Матраимовдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узартууну УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы өтүнүч киргизген. Биринчи май райондук соту аны 24-октябрда карап, канааттандырды.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК аны коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Сербия орусиялык активистти өлкөдөн чыгаруу чечимин өзгөрттүУкраинага 50 млрд доллар кредит бөлүү аракети ишке ашуудаАкыйкатчы: Аз камсыз болгондордун, мигранттардын кыздары эрте турмушка чыгат Шайлоодо аралыктан добуш бере тургандарды каттоо 1-ноябрга чейин жүрөтКабул: Жардыруудан 10дон ашуун киши жарадар болду, арасында балдар бар