Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Шайлоодо аралыктан добуш бере тургандарды каттоо 1-ноябрга чейин жүрөт


Ленин округунан кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл
Ленин округунан кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерди шайлоого аралыктан добуш берүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат таратты. 17-ноябрда өтчү шайлоого аралыктан добуш бере тургандар 1-ноябрь саат 18:00гө чейин белгиленген арыз кабыл алуу жайларына кайрылышы керек.

​Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумундагы “шайлоочунун кабинети” аркылуу арыз калтырса болот.

Арыз каралып, Борбордук шайлоо комиссиясы жаранга шайлоо участкасын аныктап берет. 17-ноябрда жаран ошол участоктон өзү катталган аймактын жергиликтүү кеңешинин талапкерине же партияга добуш берет.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет.

2024-жылдын 5-сентябрына карата шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт. Үгүт өнөктүгү 17-октябрда башталат. Шайлоого 39 партия катышууда. (TAb)

XS
SM
MD
LG