Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Акыйкатчы: Аз камсыз болгондордун, мигранттардын кыздары эрте турмушка чыгат


Жамиля Жаманбаева Бангкокто Азия-Тынч океан форумунда. 2024, октябрь
Жамиля Жаманбаева Бангкокто Азия-Тынч океан форумунда. 2024, октябрь

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Омбудсмендердин Азия-Тынч Океан форумунда (АТФ) гендердик теңчилик көйгөйүн көтөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 24-октябрда кабарлады.

Жаманбаева Тайланддын Бангкок шаарында өткөн жыйында ата-энеси миграцияда жүргөн, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары эрте никеге аргасыз болорун белгилеген.

“Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктарынын корголушу менин өзгөчө көңүл борборумда. Ата-энеси миграцияда жүргөн, жарым жетим, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары эрте никеге турууга аргасыз болушууда. Ошондуктан калктын аярлуу катмарынын арасында гендердик теңсиздик маселеси олуттуу көйгөй бойдон калууда ”, - деген ал.

Маалыматта айтылгандай, форумда негизинен глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн адам укуктарына тийгизген таасири, гендердик теңчилик жана жаш кыздардын эрте никеге туруу маселелери көтөрүлдү.

Ага 26 өлкөнүн адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышты. Анын 16сы “А” статусу менен форумдун толук кандуу мүчөсү, 9у “В” макамы, Ооганстан көз карандысыз мүчө катары катышкан.

Жамиля Жаманбаева Монголия, Непал, Пакистан, ОАЭнин өкүлдөрү менен пикир алышып, аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктары тууралуу сүйлөштү.

Аталган мекемеден билдиргендей, 2012-жылы Улуттук укук коргоочу мекемелердин Глобалдык альянсы Кыргызстандын Омбудсмен институтуна Париж принциптерине толук шайкеш келбейт деген негизде "В" макамын ыйгарган. Учурда бул макам менен акыйкатчы Глобалдык альянстын чогулуштарына гана катышып, бирок добуш бере албайт жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлей албайт.

Азия-Тынч Океан (АТФ) форумуна толук кандуу мөчө болуп, добуш берүү, олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн “А” статусу керек.

Укук коргоочулар Кыргызстанда жашы 18ге толо элек кыздардын никеге туруусуна тыюу салынганы менен мындай көрүнүш токтобой жатканын айтып келет.

15-19 жашында төрөгөндөрдүн көрсөткүчү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжандан кийинки экинчи орунда турары буга чейин айтылган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 секелек көз жарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG