Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Сербия орусиялык активистти өлкөдөн чыгаруу чечимин өзгөрттү


Антон Бобрышев. Архивдик сүрөт.
Антон Бобрышев. Архивдик сүрөт.

Сербиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) согушка каршы пикирин билдирип жүргөн орусиялык активистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу кабыл алган мурдагы чечимин жокко чыгарды. Орус жараны Антон Бобрышев Сербиянын Панчево шаарында жашайт, былтыр июнь айында ал ошол калаада оппозиционер саясатчы, абакта каза болгон Алексей Навальныйды колдогон акция өткөргөн.

Бобрышев Сербияга сегиз жыл мурда көчүп барган, ошол жакта жашап турууга расмий уруксаты бар.

Бир апта мурда өлкөнүн башкы полиция мекемеси ошол уруксат документинин мөөнөтүн узартуудан баш тартып, аны “Сербиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан” адам деп эсептей турганын билдирген жана өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган. Бирок мындай айыптоосуна эмне негиз болгонун так түшүндүрүп берген эмес.

Бобрышев апелляциялык арыз менен кайрылган. 23-октябрда ИИМ бул арыз каралып бүткөнгө чейин аны өлкөдөн чыгууну талап кылган чечимин жокко чыгарганын билдирген.

Серб бийлиги орус диаспорасынын согушка каршы өкүлдөрүн чектөө аракетин былтыр алар протест акцияларына катышкандан кийин баштаган. Буга АКШ серб Коопсуздук агенттигинин директору Александр Вулинге Орусия менен байланышы бар деген негизде санкция жарыялаганы түрткү болгон.

Сербиянын азыркы жетекчилиги орус бийлиги менен жакын мамиледе. Ал Орусия Украинага кол салганы үчүн Батыш жарыялаган чектөөлөргө кошулган эмес. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG