Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Кабул: Жардыруудан 10дон ашуун киши жарадар болду, арасында балдар бар


Кабул шаары. Архивдик сүрөт.
Кабул шаары. Архивдик сүрөт.

Ооганстанда кеминде эки кишинин өмүрүн алган, дагы бир нече киши жараат алган жарылуу болгонун «Азади» радиосуна атын атабаган булак билдирген. Окуя борбор калаа Кабулда, жарандарга документ берилүүчү өкмөттүк мекеменин жанында 23-октябрда болгон.

Ооган өкмөтүн башкарып турган «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, мекемеге жардыргыч алып кирүүгө аракеттенген киши өзү жараат алып, кармалды.

Кабулдун медицина мекемеси жалпысынан 11 киши жабыркаганын билдирип, өлгөндөр бар-жоктугун айткан жок. Тез жардам хирургия борборунун директорунун орун басары Стефано Женнаро Смирнов жабыркагандар арасында үч жашар кыз, төрт жашар бала жана 16 жаштагы өспүрүм бар экенин, бирөөнүн абалы оор болуп жатканын айтты.

Кол салуу көчөдөгү базарда болгон. Бул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ ала элек. Бирок ушундай эле жардыруулар болгондо буга чейин жоопкерчиликти “Ислам мамлекети - Хорасан” деп аталган террордук топ өзүнө алган.

“Талибан” 2021-жылы ооган өкмөтүн башкарууну өз колуна алгандан бери анын келишкис каршылашы "Ислам мамлекети-Хорасан" Ооганстан аймагында бир нече жолу чабуул уюштурган. Эки күн мурда өлкөнүн борборундагы Гор провинциясында “Талибан” менен “Хорасан” бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда атышуу болуп, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылганын “Азади” радиосу талибдердин маалыматына таянып жазган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG