Израил Бейрутка сокку урду, Ирандын элчилигине жакын жерге ракета түштү

Бейрутка жасалган соккунун кесепети. 23-октябрь, 2024-жыл.

Израилдин авиациясы кайрадан Бейрутка сокку уруду. Ракеталардын бири Ирандын Бейруттагы элчилигине жакын жерге түштү. Маалымат агенттиктери катуу жарылуунун добушу угулганын жазып, өрттүн сүрөттөрүн жарыялады.

Ливандык "Аль-Маядин" телекомпаниясы авиасокку редакция жайгашкан кеңсеге урулганын билдирди. Телеканал чабуулду жапайычылык деп атап, Израилдин Ливанды үзгүлтүксүз бомбалоосу башталгандан бери кызматкерлер ишин улантуу үчүн башка жерлерге которулганын тактады.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Бейрутту аткылоо боюнча комментарий бере элек. ЦАХАЛ чабуул алдында сокку уруу пландалып жаткан райондордон ливандыктарды чыгып кетүүгө чакырганын израилдик маалымат каражаттары жазышты.

Ошол эле учурда израилдик аскерлер Ливан тараптан шаршемби күнү Израилге, көбүнчө өлкөнүн түндүгүнө 135тей ракета учурулганын билдирген.

Буга чейин Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Бейруттун ири ооруканаларынын биринин жанындагы соккудан каза тапкандардын саны 13 кишиге жеткенин, ондогону жараат алганын билдирген.

21-октябрдын кечинде Рафик Харири атындагы университеттин клиникасынын маңдайындагы имаратка дүрмөт тийген. Министрликтин маалыматына караганда, курман болгондордун арасында кеминде бир бала бар, 57 киши жараат алган.

Израил Ливандын аймагындагы "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы согушун сентябрдын аягында күчөтүп, 1-октябрда ал өлкөнүн түштүгүнө жөө аскерлерин киргизген, ага чейин соккулар абадан урулуп жаткан.

  • Ливан бийлиги маалымдагандай, изралдик аскерлердин операциясы башталгандан бери 1,2 миллион киши бир нече жолу жер которууга аргасыз болду.
  • 9-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны 24-сентябрдан 8-октябрга чейин каза болгондор экенин белгилеген.
  • "Хезболланын" согушкерлери да Израилдин аймагына ракета менен чабуул коюп келатат.
  • "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, ал эми Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Дагы караңыз

Бишкектеги Батыш автобекети жабылды Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалдыТүркиядагы кол салуу: беш киши каза болуп, 20дан ашыгы жараат алдыБайден Украинага 20 млрд долларлык жардам бөлүнөрүн билдирди