Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Түркиядагы кол салуу: беш киши каза болуп, 20дан ашыгы жараат алды


Кол салуу болгон TUSAŞ компаниясы.
Кол салуу болгон TUSAŞ компаниясы.

Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, 20дан ашык киши жараат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди. Ал окуяны "террордук кол салуу" деп атады.

Түркиянын NTV телеканалы кол салгандар аталган компанияга күндүз кадимки такси менен келишкенин кабарлады. Курал-жарактарын алып чыгып, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Бирок коопсуздук кызматкерлери аларды токтоткондон кийин жарылуу болгон. Болжол менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.

Жеринде полиция жана күч органдары иштеп жатат. Айрым маалымат булактары атышуунун добушу угулганын, бир нече киши компаниянын кире беришин жардырганын, алар жумушчуларды барымтага алган болушу ыктымал экенин жазышты.

Орусияда БРИКС уюмунун саммитине катышып жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган окуяда адам өмүрү кыйылганын билдирген. Ички иштер министри Ерликая кол салгандардын экөө (бир аял жана бир эркек киши) ошол жерден өлтүрүлгөнүн айтты.

Шаршембинин кечинде Habertürk басылмасы полиция TUSAŞ имаратын көзөмөлгө алганын кабарлады. Кол салгандар жана барымтага алынгандар бар-жогу тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Президент Эрдоган иш сапарын токтотуп, Анкарага кайтуу чечимин кабыл алганы маалымдалды.

Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер кол салуунун артында өкмөткө оппозиция болгон, АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган жикчил Күрд жумушчу партиясы турушу мүмкүн деп эсептейт. Аталган партия кол салуу боюнча комментарий берген жок.

TUSAŞ - ири акционердик коом. Компания жарандык жана аскердик максатта колдонулуучу учак, тик учак, учуучу аппараттарды жана космостук спутниктерди чыгарат.

XS
SM
MD
LG