Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Бишкектеги Батыш автобекети жабылды


Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги "Акжол" кичи автобекети 23-октябрдан тарта жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, эми бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен жөнөйт.

Жаңы автобекет эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Мэрия жабылган бекеттен "Бишкек автобекетине" чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатканын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чыгыш багындагы каттамдар жаңы автобекеттен, батыш тарапка кеткен каттамдар автоунаа базары тараптан же Фрунзе көчөсү, 209 дарегинен жөнөп жатат.

Бишкектин ичиндеги батыш жана чыгыш автобекеттери жабылып, шаардын сыртына чыгарылары мурда кабарланган.

Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине "Ош" базарын, батыш автобекетин камтыган ири комлпекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган.

Шаар башкармалыгы Батыш автобекети менен “Ош базарын” башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечилет деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG