Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды


Медербек Сатыев.
Медербек Сатыев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Медербек Сатыев беш жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 24-октябрда кабарлады.

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы төраганы Жогорку соттун жамаатына тааныштырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-октябрдагы жалпы отурумда Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдогон. Парламентте сөз сүйлөгөн Сатыев, депутаттардын жана элдин ишеничин актоого жана эл, мамлекет үчүн иштөөгө күчүн жумшай турганын айткан.

Анын талапкерлигин Жогорку соттун төрагалыгына 22-октябрда Судьялар кеңеши сунуштаган.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламенттин макулдугунан кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Мурдагы төрага Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арызын 9-октябрда жазган. Жогорку Кеңеш 10-октябрда аны кызматтан бошотууну колдогон, эртеси президент Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинде иштөөдөн баштаган.

Ал 2013-жылы Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон. Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2022-жылы октябрда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG