Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Байден Украинага 20 млрд долларлык жардам бөлүнөрүн билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын камакка алынган активдеринен алынган үстөк пайызынын эсебинен Украинага 20 миллиард долларлык насыя бөлүнөрүн билдирди. "Чоң жети" Орусия Украинага карата агрессиясын токтотуп, алып келген зыяндын ордун толтурганга чейин активдер камакта болоруна кепилдик берүүдө.

"Орусия бул жаңжалда жеңбейт. Украинанын эли жеңишке жетет. Бул Владимир Путинге дүйнө Украинанын айланасында чогулганын жана АКШ менен биздин G7 тобундагы өнөктөштөрүбүз аны ар бир кадам сайын колдоону уланта берерин дагы бир жолу эскертет", - деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Шейшембиде АКШнын каржы министри Жанет Йеллен "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүү боюнча "аз убакытта" бир чечимге келерин билдирген.

Ушул эле күнү G7 жана Европарламент Украинанын коргонуусуна жана кайра куруу иштерине 35 миллиард евро (38 млрд доллар) кредит берүүнү жактырды. Карыз Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин Батышта тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен кайтарылмакчы.

Шаршемби күнү Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңеши Байдендин администрациясы Украинага 10 млрд долларлык аскердик жардам бөлүүгө аракеттенип жатканын билдирген.
Вашингтон декабрга чейин 10 миллиард долларлык экономикалык жардам берүүнү пландаштырууда, дагы 10 миллиард долларлык аскердик жардам үчүн мыйзам чыгаруучулардын макулдугу керек экенин Улуттук коопсуздук кеңеши билдирген.

Маалыматта АКШ өз үлүшүндөгү 20 млрд доллар насыяны декабрда Дүйнөлүк банктын Трасттык фондуна которушу мүмкүн экенин, Ак үй жакынкы жумада Конгресс менен сүйлөшүүлөрдү уланта турганы айтылган.

Орусия 300 млрд долларга тете активдерин колдонуу мыйзамсыз болорун айтып, өч аларын эскертип жатат.

XS
SM
MD
LG