АКШ: 17 миллиондон ашуун шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берди

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда быйылкы президенттик шайлоодо бүгүнкү күнгө карата 17 миллиондон ашуун шайлоочу өз добушун мөөнөтүнөн мурда берди. Кайсы талапкерди колдой турганын алар бюллетенди почта аркылуу жөнөтүп же добушун алдын ала ачылган шайлоо бекетине барып берип, билдирди. Бул тууралуу 23-октябрда америкалык басылмалар жазды.

Төрт жыл мурдагы шайлоо короновирус пандемиясына, аралыкты сактоо талаптарына байланыштуу чектөөлөр маалында өткөндүктөн 100 миллиондон ашуун киши добушун шайлоо бекетине барбастан, шайлоо күнүнө чейин билдирген.

Алдын ала добуш берүү ыкмасынын популярдуулугу быйыл да байкалып жатканы, талдоочулардын пикиринде, шайлоочулардын адатындагы өзгөрүүлөрдү айгинелейт.

2020-жылы алдын ала добуш берүү укугунан пайдалангандар демократтар арасында республикачыларга караганда эки эсе көп болгон. Быйыл да ошондой тенденция байкалууда, бирок республикачылар да көбөйө баштаганы белгиленүүдө.

Калкы 330 миллиондон ашуун АКШда быйылкы шайлоого катыша ала турган жарандардын так саны шайлоо өтө элек болгондуктан азырынча белгисиз, бирок 244 миллионду түзөрү айтылууда.

Демократтар партиясынан азыркы вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикачылар партиясынан мурдагы президент Дональд Трамп катышып жаткан кезектеги шайлоо Кошмо Штаттарда 5-ноябрда өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Бишкектеги Батыш автобекети жабылды Оштон Москвага барган ондогон жүргүнчү аэропорттон депортацияланганы кабарланды Таласта келинди уул-кызы менен өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалдыТаласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды