Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Таласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.

"Ак түстөгү автоунаа жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Талас облустук ооруканасынан билдиришкендей, кырсыктан каза тапкан 31 жаштагы келин жана анын алты жашар кызы менен төрт жашар уулунун сөөгү мейитканага (морг) түшкөн.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.

2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (MKt)

XS
SM
MD
LG