Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Оштон Москвага барган ондогон жүргүнчү аэропорттон депортацияланганы кабарланды


Шереметьево аэропорту. Иллюстрация катары колдонулган сүрөт
Шереметьево аэропорту. Иллюстрация катары колдонулган сүрөт

22-октябрда саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 номурлуу каттамдагы учак менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылганы кабарланды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. Ал кечээтен бери Шереметьево аэропортунда кармалып турганын айтып берди:

"23-октябрда эртең менен 40тай адам депортация болду. Дагы 30дай киши аэропортто отурабыз. Биздин телефондорубузду текшеришти, менден "Эмнеге жазышкандарыңдын тарыхын өчүрдүң? Эмнелерди сүйлөшөсүң?" деп сурады. Ошол боюнча телефонду бир күн кечке берген жок, паролун сурап, алып калышкан. Тамакты да бир күндөн кийин беришти. Артка кайтарылган жүргүнчүлөрдүн арасында Орусияга биринчи жолу келип аткандар да бар экен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Whatsapp аркылуу байланышсак, жооп бербеди. Чалсак, "юрист иштейт, силер Кыргызстанга барганда миграция кызматына баргыла" деген жооп болду. Бир жарым сутка болду, эч кандай юрист келген жок", - деди ал.

Анын айтымында, артка кайтарылган жүргүнчүлөргө орусиялык чек арачылар бул кадамды "Орусиянын коопсуздугун сактоо максаты" катары түшүндүргөн, алар 20 жылга өлкөгө кире албай турганын айткан.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги жана Орусиянын тиешелүү мекемелери бул маалыматтар, текшерүүлөр тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.

5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулаган. Анда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын балдарын мектепке киргизүү жана Орусиядан аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар боюнча сүйлөшүү болгону кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

Быйыл март айындагы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Теракт уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгы теги борбор азиялык, негизинен Тажикстандын жарандары болуп чыккан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG