Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Таласта келинди уул-кызы менен өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды


Талас шаарынын кире бериши
Талас шаарынын кире бериши

Талас шаарында үч адам каза болгон жол кырсыгына шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү - 29 жаштагы жергиликтүү тургун.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоодогу коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында ак түстөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Кырсык тартылган видеодон өз жолу менен уул-кызын жетелеп көчөдөн өтүп бараткан келинди, анын эки баласын коюп кеткенден кийин бул автоунаа дагы эки жеңил машинеге барып урунганын көрүүгө болот.

Талас облустук ооруканасы кырсыктан каза тапкан 31 жаштагы келин жана анын алты жашар кызы, төрт жашар уулунун сөөгү мейитканага (морг) түшкөнүн билдирген.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган. (AsK/TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG