Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Медербек Сатыев.

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады.

22-октябрда Судьялар кеңешинин жыйыны өтүп, ушундай чечим кабыл алынганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Сатыевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапкан.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламент макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Мурдагы төрага Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын 9-октябрда жазган. Жогорку Кеңеш 10-октябрда анын кызматтан бошотууну колдогон, эртеси президент Жапаров кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинде баштаган.

Ал 2013-жылы Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон.

Сатыев Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2022-жылы октябрда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган. (TAb)

Дагы караңыз

Сумыда Орусиянын дрон чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири балаШайлоодогу добуш сатып алууга каршы атайын тартип иштелип чыктыЖумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө улануудаСадыр Жапаров тышкы саясат жана экономикадагы милдеттерди атады