Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Сумыда Орусиянын дрон чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала


Украинанын Сумы облусунда 22-октябрга караган түнү орусиялык дрондордун чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала. Бул тууралуу жергиликтүү администрация билдирди.

“Суспильне Суми” басылмасы маалымдагандай, 14 жаштагы кыз жана анын апасы, таежеси каза болгон. Жергиликтүү жашоочулар кыздын атасы сокку маалында сыртта короодо жүргөнүн айтышкан.

Облустук администрация өткөн суткада Сумы облусунда жалпы 25 орусиялык дрон атып түшүрүлгөнүн тактады. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Украинанын Сумы облусу Орусиянын 6-августта украин күчтөрү кирип барган Курск облусу менен чектешет. Украин президенти Владимир Зеленский бул операциянын максаты Сумы облусуна Орусиянын басып кирүүсүнөн коргоо болгонун айткан. Бирок украин күчтөрү Курскиге кирип баргандан кийин аткылоолор токтогон жок. Орус армиясы көбүнчө энергетика жана инфратүзүмдөрдү бутага алууда.

20-октябрда энергетикалык объектиге сокку урулуп, Сумы облусунун Ромны районунун жүздөн ашуун калктуу аймагы жарыксыз калган. Андан мурда 19-октябрда Орусиянын армиясы бул аймактагы энергетикалык объектиге сокку урганы үчүн облуста жарыкты авариялык өчүрүү болгон.

Жарандык инфраструктураны аткылоо согуш кылмышы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG