Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Шайлоодогу добуш сатып алууга каршы атайын тартип иштелип чыкты


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоодогу добуш сатып алууларга каршы алгоритм иштелип чыкканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 22-октябрдагы жыйынында билдирди. БШК төрайымынын айтымында, алгач добуш сатып алууга партиянын тизмесиндеги талапкердин жеке катыштыгы аныкталса, ал тизмеден чыгарылат, эгер анын уюштуруу иштерине партия кийгилишсе, шайлоого катышуудан четтетилет.

"Добуш сатып алуунун мүнөзүн аныктап, карап чыгышыбыз керек. Эгер партиядан көрсөтүлгөн талапкер добуш сатып алуу менен кармалып, муну жеке өзү уюштурса, ал четтетилиши керек. Эгер борбордук, катчылык тарабынан, системалуу түрдө жүргүзүлсө, анда партия дагы жоопкерчиликке тартылууга тийиш", - деди ал.

Шайлдабекова добуш сатып алуу же башка мыйзам бузуулар үчүн шайлоо үзгүлтүккө учурап же жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда күнөөлүү адамдын материалдык жоопкерчилигин да кароо зарылдыгын белгиледи. Ал 2021-жылы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин беш партия квотага ылайык түзүлгөн тизмеден аялдарды чыгарганын мисал келтирди.

Жогорку Кеңештин комитети Боршайкомдун 2023-жылдагы иши тууралуу баяндамасын укту.

Шайлдабекова партиялар жөнүндө мыйзам кабыл алып, тизме түзүү, курултай өткөрүү нормалары менен стандарттарын бекитүүнү, шайлоо жыйынтыгын соттордун чечимин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карабоону сунуштады.

Быйыл мартта Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиевага байланыштуу кылмыш ишти карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, Ниязалиеваны кошкондо алты киши Кылмыш кодексинин "Добуш сатып алуу" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок аларга карата мунапыс колдонулуп, эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчиликтен бошотулган.

2023-жылы 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыккан. Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган.

Кийин шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG