Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Садыр Жапаров тышкы саясат жана экономикадагы милдеттерди атады


Садыр Жапаров. 22-октябрь, 2024-жыл. Бишкек
Садыр Жапаров. 22-октябрь, 2024-жыл. Бишкек

Президент Садыр Жапаров көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын өзгөрүүсүз принциби бойдон кала турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 22-октябрда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган иш-чарада дипломатиялык кызматтын өкүлдөрүн куттуктаган учурда билдирди. Президенттин белгилешинче, өлкөнүн тышкы саясий ишмердигинде борбордук орунду стратегиялык өнөктөштөр, Борбор Азиядагы жана Евразиядагы коңшу мамлекеттер ээлейт.

"Ынак коңшулук мамилелерди чыңдаш үчүн чек ара маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрөбүз, Африка, Латын Америкасы жана Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташууну уланта беребиз", - деди Жапаров.

Мындан сырткары Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында саясий диалогго жана кызматташууга өзгөчө көңүл бура турганын, климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөштө күч-аракетин арттырууга, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, анын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга, экономикалык дипломатия жана инвестицияларды тартууга, чет жерлердеги кыргызстандык жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек экенин белгилеген.

Жапаров дипломаттык байланыштарды кеңейтүү үчүн чет өлкөлөрдө Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү мындан ары да ачыла берерин билдирди.

Мамлекет башчы бул тармактагы кызматкерлерди куттуктап жатып, бул мамлекеттүүлүктүн кызыкчылыгын коргоп келген кыргыз дипломатиялык кызматынын тарыхынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн.

Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта министрликтин штаты көбөйүп, функциясы кеңейген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG