БРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алды

Орусия. Архивдик сүрөт.

Орусияда он чакты активист БРИКС саммитинин алдында акция өткөрбөө тууралуу эскертүү алышты. Idel.Реалии 21-октябрда кабарлагандай, активисттерге жөнөтүлгөн эскертүүдө орус армиясын жаманатты кылгандар, жалган маалымат тараткандар кылмыш жообуна тартылары жазылган.

Айрым активисттер прокуратурага чакыруу алышты, аларга да уруксат берилбеген акцияларга катышуунун жазасы бар экени эскертилди.

Журналист жана активист Наиля Муллаевага күч кызматкерлери өздөрү барып, соңку эки жылда эмне менен алектенип жүргөнү, октябрь айында кайда болууну пландап жатканы тууралуу сураштырганын Birds Телеграм-каналы кабарлады.

Орусиянын карамагындагы Татарстан Республикасынын борбор калаасы Казанда 22-24-октябрда БРИКС уюмунун саммити өтөт. Ага 33 өлкөдөн расмий делегация, анын ичинен 24 жогорку жетекчи катышат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш да барат.

Орусия быйыл БРИКСке төрагалык кылууда. Бул эл аралык блок Кремлдин демилгеси менен 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай болуп түзүлгөн. Азыр анын курамында тогуз мамлекет бар – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери.

Казан саммитинде Тайланддын мүчөлүк тууралуу арызы кабыл алынганы жатат. (RK)

Дагы караңыз

Бозгундагы диниятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Гүлен дүйнө салды 19 жаштагы казак жараны Крымда ФСБнын колуна түштүОрусия туткунда каза болгон украин журналистинин сөөгүн бере элекОоганстан: "Талибан" менен "ИМ Хорасандын" кагылышуусунан үч адам каза болду