Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

19 жаштагы казак жараны Крымда ФСБнын колуна түштү


Туран Устюгов.
Туран Устюгов.

Орусия аннексиялап алган Крымда эки аптадан бери Казакстан жараны, 19 жаштагы Туран Устюгов камакта жатканын «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. Орусиянын атайын кызматы аны «украин тарапта согушууну көздөгөн, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ыктыярчылар батальонуна кирүүнү пландаган» деп айыптап жатат.

Орус бийлиги уулунан «кылмышка даярданган жана террордук топтун ишине катышууну көздөгөн» деп шек санап жатканын апасы Элмира Жанабаева билдирди. Айтымында, уулу чын эле Украинаны коргоо керектигин көп айтчу жана соңку кезде орусиялыктар менен да, украиналыктар менен да жазышып жүрчү.

Устюгов Крымдын Симферополь шаарына барганда кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери анын телефонунан Украинанын Орусияда тыюу салынган топторунуку деген анкеталарды табышкан.

Бирок ал анкеталар чындыгында эле украиналык топтордукубу же орус атайын кызматы ачкан жасалма сайттарбы, белгисиз.

«Азаттыктын» журналисттери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен маалымат сурап кайрылганда аталган мекеме Устюговго каршы «чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышуу» деген негизде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Ошондон бери, казак тараптын расмий маалыматына караганда, фронтко кеткен 10 казак жаранына иш козголгон.

Бирок чынында канча казакстандык кеткени, алардын канчасы кайтканы же каза болгону тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG