Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

Орусия туткунда каза болгон украин журналистинин сөөгүн бере элек


Виктория Рощина
Виктория Рощина

Орусияда туткунда каза болгон журналист Виктория Рощинанын сөөгү Украинага өткөрүлүп бериле элек. Бул тууралуу Украинанын согуш туткундарынын маселелери боюнча өкүлү Пётр Яценко билдирди.

Рощинанын атасына Орусиянын Коргоо министрлиги жөнөткөн катта ал 19-сентябрда көз жумганы, сөөгү туткун айырбаштоодо өткөрүлүп берилери айтылган. Эки өлкө ортосунда кезектеги туткун айырбаштоо жараяны 18-октябрда өттү. Бул тизмеге журналист эмне үчүн кирбей калганы белгисиз.

Рощина «Азаттыктын» украин кызматы менен да кызматташкан, согуш башталгандан бери анын жүрүшү тууралуу баяндап турган. Былтыр август айында Запорожье облусунун оккупацияланган аймагында орус аскерлеринин туткунуна түшкөн. Таганрогдогу абактан Москвага которуп жатышканда каза болгон. Өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок.

"Адам укуктары үчүн медиалык демилге" уюмунун өкүлү Татьяна Катриченко укук коргоочулардын маалыматына таянып билдиргендей, быйыл май айынан бери сентябрга чейин журналистти Таганрог шаарындагы №2 тергөө абагында жеке камерада кармашкан. Ошол изолятордо кармалып, кийин мекенине кайткан украиналыктар ал жактан кыйноого кабылганын айтып беришкен.

Украинада Рощинанын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Согуш мыйзамдарынын бузулушу жана атайылап адам өлтүрүү деген негизде козголгон ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, Орусияда 25 чакты украин журналисти туткунда кармалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG