Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Ооганстан: "Талибан" менен "ИМ Хорасандын" кагылышуусунан үч адам каза болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстанда өкмөттү башкарган “Талибан” кыймылы менен өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун “Хорасан” бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда атышуу болуп, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылганын “Азади” радиосу талибдердин маалыматына таянып жазды.

Окуя өлкөнүн борборундагы Гор провинциясында болгону кабарланды. Талибдердин айтымында, ал жерде алар провинциянын административдик борбору Фирозко шаарында «Ислам мамлекети-Хорасан» тобунун командирин кармоо операциясын жүргүзүшкөн.

Операция эки апта мурда талибдердүн үч өкүлү каза болгону, бул үчүн «Ислам мамлекети-Хорасан» айыпталганы белгиленди. Натыйжада командир жок кылынганы, ошол эле учурда жайкын тургундардын бири жана “Талибандын” мүчөсү каза болгону кабарланды.

“Талибан” 2021-жылы ооган өкмөтүн башкарууну өз колуна алгандан бери анын келишкис каршылашы «Ислам мамлекети-Хорасан» Ооганстан аймагында бир нече жолу чабуул уюштурган. (RK)

XS
SM
MD
LG