Орусия: Түрмөдөн согушка түрткөн кысым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын түрмөлөрүндөгү катаал шарт жана кысым абактагыларды Украинада согушка баруу үчүн келишимге кол коюуга түртүп жатат. Андай түрмөлөрдүн биринде жазасын өтөп жаткан бир кыргыз жараны соттолгондордун көбү абактагы мамилеге чыдабай согушка кетип жатканын “Азаттыкка” айтып берди. Мигранттар менен иштеген юрист түрмөдө аскердик келишимге кол коюудан баш тарткандар муздак камераларда камалып, тамак-аштан кыйнала турганын айтты.