Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. Украин президенти Владимр Зеленский Киевде кеңири басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна эки сааттай жооп берди.
Көптөр күткөн Мүнхендеги Коопсуздук конференциясы 14-февралда башталган маалда шаарда кар катуу жаап турду. Аба ырайына айкалышып, жыйындагы маанай дагы чыңалганы байкалат. Эң башкы тема - Украинадагы согушту токтотуу маселеси.
Орусияда түрмөдө жазасын өтөп жаткан бир кыргыз жараны соттолгондордун көбү абактагы мамилеге чыдабай согушка кетип жатканын “Азаттыкка” айтып берди. Мигранттар менен иштеген юрист түрмөдө аскердик келишимге кол коюудан баш тарткандар муздак камераларда камалып, тамак-аштан кыйнала турганын айтты.
Орусия Курск облусундагы кармаштардан улам эвакуациянын жаңы толкунун жарыялаган чакта Украина орусиялык качкындарды кабыл алууга даярдыгын билдирди. Украин парламентинин депутаты “алар жардамга муктаж жана аны ала алат” деп “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтты.