Чаткалда кар басып калган алты адам изделип жатат

Издөө иштерине тартылгандар. Чаткал тоолору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген сүрөт. 16 - октябрь, 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-октябрда саат 22:00гө берген маалыматына караганда, эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай ашуусундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калганы айтылып, дайынсыз болуп жаткан алты адам изделүүдө.

Маалыматта 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбек Курманалиев 16-октябрда эртең менен Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган. Ушундан кийин издөө-куткаруу иштери башталып, шаршембиде саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман-эсен табылган. Алар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтышкан.

“Табылган жарандардын билдирүүсүндө 2024-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 18:00до Ак-Сай ашуусуна жакын коктулардын биринде кар кар көчкү жүрүп, 6 адам жана 17 баш жылкыны басып калганы маалымдалган” деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чаткалда эки күн мурда кар басып калган алты адам изделип жатат

Куткаруу иштерине 5 куткаруучу, 10 жергиликтүү жашоочу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 2 оор инженердик техника жана тез жардам кызматтары тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты жаранды кар астынан чыгаруу иштери эртең уланарын кошумчалады.

Чаткал тоолору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген сүрөт. 16 - октябрь, 2024-жыл

Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар катталган.

Чаткалдын Каныш-Кыя айылынын тургуну "Азаттыкка" буларды билдирди:

"Булар Ак-Сай тараптагы коктулардын биринде жүргөн деп айтылып жатат. Ак-Сайдын Өзбекстан менен чек ара жагына барышкан. Мындай тамыр жакынкы тоолордо калган эмес. Жакынкы тоолор болсо кар жааганда келип калышмак да. Суткалап, 10-15 сааттап жол жүргөн жерлерге барышат. Алыскы тоолорго барып келип жатышканы үчүн ушундай кырсык болду. Бул чөптү көбүнчө Бишкекте кытайлар сатып алышчу. Бирөөлөр медицинада, бирөөлөр косметикада колдонулат дешет. Азыр айылдарда килограммын миң сомдун тегерегинде сатып алып жатышкан. Миң сомдон да жогорураак. Жергиликтүү эл эки-үч жылдан бери ушул чөп менен алектенип, алыскы тоолорго барып казып келчү."

Ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаап жатат. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү айтылган.

Дагы караңыз "Суукта карылар менен балдар кыйналды". Төө-Ашуудагы тыгын

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырып, автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, тамак-аш жана дары-дармек ала жүрүүгө кеңеш берет.

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, 16-17-октябрь күндөрү аба ырайы туруксуз болот. Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек - Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдогу автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.