Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Төө-Ашуу жана Өтмөктө жеңил автоунааларга чектөө алынды


Бишкек - Ош жолу
Бишкек - Ош жолу

Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашууда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө сакталууда. Бул тууралуу 16-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ошондой эле Таластагы Өтмөк ашуусунда жеңил унааларга жол ачылган.

Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан 15-16-октябрда жол тыгыны жаралган. Мындан улам ашууда 1000ге жакын машине токтоп калган.

ӨКМ оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырып, автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, тамак-аш жана дары-дармек ала жүрүүнү сунуштап жатат.

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, 16-17-октябрь күндөрү аба ырайы туруксуз болот. Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек - Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (MKt)

XS
SM
MD
LG