Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Чаткалда эки күн мурда кар басып калганы айтылган алты адам изделип жатат


Чаткал тоолору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген сүрөт. 16 - октябрь, 2024-жыл
Чаткал тоолору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген сүрөт. 16 - октябрь, 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-октябрда саат 22:00гө берген маалыматына караганда, эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай тоосундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калган алты адам изделүүдө.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбек Курманалиев 16-октябрда эртең менен Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган. Ушундан кийин издөө-куткаруу иштери башталып, 16-октябрда саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман-эсен табылган. Алар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтышкан.

“Табылган жарандардын билдирүүсүндө 2024-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 18:00до Ак-Сай ашуусуна жакын коктулардын биринде кар кар көчкү жүрүп, 6 адам жана 16 баш жылкыны басып калганы маалымдалган” деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Куткаруу иштерине 5 куткаруучу, 10 жергиликтүү жашоочу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 2 оор инженердик техника жана тез жардам кызматтары тартылган.

Чаткалда эки күн мурда кар басып калган алты адам изделип жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты жаранды кар астынан чыгаруу иштери эртең уланарын кошумчалады.

Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар катталган.

Ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаап жатат. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган.

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырып, автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжыр, тамак-аш жана дары-дармек ала жүрүүгө кеңеш берет.

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, 16-17-октябрь күндөрү аба ырайы туруксуз болот. Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек - Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

XS
SM
MD
LG