Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Аба ырайы: жаан, кар жаайт


16-17-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет.
Өрөөндөрдө абанын температурасы -3...-5 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.


Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG