Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте ишкерди уурдаган деген шек менен эки адам кармалганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, борбор калаада ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автоунаага салып, Бишкектин сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-издөө иш-чараларында шаардын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинен 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кармалган. Алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып сабап, 25 миң долларын жана машинесин берүүгө макулдук алып, ишкердин башка автоунаасын алып кетүүгө баратканы аныкталган.
Кармалган Т.Ж. аттуу адам маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BTo)
Дагы караңыз
Депутат 60тан ашуун бала бакча иштебей турганын сынга алдыБоом капчыгайында автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилетӨзбекстанда умра сапарын уюштуруу эрежеси катаалдашты Баткенде жолбун ит капкан беш киши ооруканага түштү Казакстандык футболчулар Улуттар лигасында Словенияга утулдуПарламентте Акаевдин мурдагы күйөө баласын жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүИсламабадда ШКУнун саммити учурунда үч күн дем алыш болотИзраилде "Хезболланын" соккусунан төрт жоокер окко учтуТогуз айда Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды