Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:17

Депутат 60тан ашуун бала бакча иштебей турганын сынга алды


Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 14-октябрдагы жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова жаңы курулган 60тан ашуун бала бакча каржылоонун жоктугунан улам иштебей турганын айтты.

Анын маалыматын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ырастады.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу тескеме иштелип чыкканын маалымдады:

"Трансферттер айыл өкмөттөр аркылуу берилет. Эгер финансылык айырма болсо, биз толуктап, акча бөлүп беребиз".

Дүйшееванын маалымдашынча, сентябрь айынан бери иштеп жаткан бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акыларын төлөп берүүгө да каражат бөлүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанда бакчаларга өлкөдөгү балдардын 28,3% гана барат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыркы Элдик курултайда 2024-жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыларын убада кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG