Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Баткенде жолбун ит капкан беш киши ооруканага түштү


Баткен шаары
Баткен шаары

13-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында беш адамды жолбун ит тиштеп, облустук ооруканага жаткырылды.

Облустук ветеринардык башкармалык билдиргендей, ооруканага түшкөн адамдар кутурмага каршы дарыланып жатат. Абалдары канааттандырарлык.

Айылдарда кутурмага каршы жана жолбун иттерди зыянсыздандыруу үчүн иш-чаралар уюштурулууда.

"Дары-дармек, кутурмага каршы вакцина жетиштүү", - деген маалымат берди аталган мекеме.

Жыл башында Баткен районунун Апкан айылында чөө үч адамды тиштеп, кутурмага каршы вакцина сайылган.

Былтыр октябрь айынын башында Ошто 12 жаштагы бала кутурма жуктуруп алгандан кийин каза болгон. Ушул эле жылы августта Кызыл-Кыя шаарында сегиз кишини жолбун ит каап алган.

  • Адамдарга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Илдетти башка жаныбарлар дагы жайылткан көрүнүштөр кездешет. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертишет. (JsA)

XS
SM
MD
LG