Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Израилде "Хезболланын" соккусунан төрт жоокер окко учту


Израилдин коопсуздук күчтөрү сокку урулган жерде. Израиль, 13-октябрь 2024-жыл
Израилдин коопсуздук күчтөрү сокку урулган жерде. Израиль, 13-октябрь 2024-жыл

Израил армиясы – ЦАХАЛ тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү аскердик базага урулган дрон соккусунан төрт жоокер окко учту жана 60тан көбү жараат алды. Кабарда айтылгандай, Хайфанын жанындагы Биньямина-Гиват-Ада деген жерде пилотсуз учак кечки тамактануу маалында ашкананын шыбына тийген. Абадан коргонуу сиреналары эмне себептен иштебегени териштирилүүдө. ЦАХАЛ кеминде үч дрон учурулганын, экөө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Армия өкүлдөрү жети жоокер оор жараат алганын кошумчалады.

“Хезболланын” мүчөлөрүнүн бири “Аль-Жазира” телеканалына бул чабуулга топтун тиешеси бар экенин айткан. “Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Уюмдун маалымат кызматы 13-октябрдын кечиндеги сокку Израилдин Ливандын түштүгүнө жана Бейрутка бейшемби күнү коюлган чабуулуна жооп иретинде урулганын билдирди.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынганы кабарланууда.

30-сентябрда Израил Ливанга аскерлерин киргизип, “Хезболлага” каршы чектелген операция жүргүзгөнүн жарыялаган.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

XS
SM
MD
LG