Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Парламентте Акаевдин мурдагы күйөө баласын жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү


Адил Тойгонбаев.
Адил Тойгонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов тунгуч президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип, жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу депутат парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14-октябрдагы жыйынында айтты.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Адил Тойгонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды топтоп, кагаз жүзүндө жооп берерин билдирди. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда коррупциялык кылмыштарды жасагандарды бири-бирине өткөрүп берүү, кызматташуу боюнча документ каралып жатканда көтөрүлдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылы Адил Тойгонбаевди Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кескен. Ага эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин деген чечим чыккан.

Казакстандын жараны, 58 жаштагы Адил Тойгонбаев - мурдагы президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптан кийин бозгунга кеткен Адил Тойгонбаев “Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген” деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага “алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган” деген да күнөөлөр тагылган.

2016-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол аны Дубайда бир аз убакытка кармап, кийин күрөөгө бошоткон.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. Ал ушул жылдын сентябрь айында экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазып, парламент аны четке каккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG