Израилде учкучсуз учактын чабуулунан 70ке жакын киши жараат алды

Израилдин укук коргоо органдарынын кызматкерлери Биньямин - Гиват Ада калктуу конушуна жакын жерде коопсуздук чараларын көрүп жатышат.

Израилдин түндүгүндө учкучсуз учактын жарылуусунан кеминде 67 киши жараат алды. Биньямин - Гиват Ада калктуу конушуна жасалган чабуулду “Хезболла” тобунун мүчөлөрү болжол менен Ливандын аймагынан уюштурганы, эл көп чогулган жер бутага алынганы кабарланды.

“Кешет 12” телеканалынын маалыматына караганда, чабуул болгондо Израилдин аба соккуларын алдын ала эскертүү системасы иштебей калган. Сокку 13-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө болгон жана кеминде үч учкучсуз учак учурулган. Анын ичинен экөөнү Израилдин Коргоо күчтөрү жок кылган.

“Хезболланын” мүчөлөрүнүн бири “Аль Жазира” телеканалына бул чабуулга топтун тиешеси бар экенин айткан. “Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте кафеден чыккан өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылдыЖо Байден 18-октябрда Берлинге барары кабарландыИран өз жарандарын коргоодо "кызыл чек жоктугун" билдирдиНетаньяху БУУну Ливандан бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырдыЧет өлкөлөрдө оор абалда калган 22 кыргызстандык мекенине кайтарылды Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды