Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

Бишкекте кафеден чыккан өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды


Park кафеден чыккан өрт.
Park кафеден чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Бишкекте Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Park кафесинен чыккан өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылганын билдирди.

Министрлик тилсиз жоодон жабыркагандар бар-жогу тууралуу жана өрт эмнеден чыкканы боюнча маалымат берген жок.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG