Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Жо Байден 18-октябрда Берлинге барары кабарланды


Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден. 4-октябрь, 2024-жыл. Вашингтон
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден. 4-октябрь, 2024-жыл. Вашингтон

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 18-октябрда Берлинге барары күтүлүүдө. Бул тууралуу немис өкмөтүндөгү булактарга таянып, Reuters агенттиги жазды.

Маалым болгондой, Байден өткөн жумада пландалган сапарын АКШны каптаган "Милтон" бороонунан улам жылдырган.

Буга чейин Spiegel журналы Байден Германиянын канцлери Олаф Шольц жана президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугарын кабарлаган. Лидерлер Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды талкуулашат.

Өткөн жумада Байден Германияга келбей калганда Украинага жардам көрсөткөн мамлекеттердин "Рамштайн" форматындагы жыйыны да үзгүлтүккө учураган.

Ал жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышмак. Жыйын болбой калгандыктан, украин лидери бир катар Европа мамлекеттерин кыдырып, өнөктөштөрдөн кошумча каржылык жана аскердик жардам көрсөтүүнү суранды.

XS
SM
MD
LG