Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Нетаньяху БУУну Ливандагы бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 13-октябрда жасаган кайрылуусунда БУУну Ливандын түштүгүндөгү "тобокелчилик аймагында" жайгашкан бейпилдик күчтөрүн (UNIFIL) чыгарып кетүүгө чакырды.

"Муну азыр, токтоосуз ишке ашыруу керек", - деди Нетаньяху министрлер кабинетинин жыйынында.

Анын алдында Ливандагы БУУнун бейпилдик күчтөрү соңку күндөрү израил армиясынын соккусунан жалпы беш аскери жараат алганына карабастан чыгып кетүүдөн баш тарткан.

Нетаньяхунун айтымында, муну менен бейпилдик күчтөрү "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) жоочулары үчүн "тирүү калкан" болуп, өзүлөрүнүн жана израил жоокерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратып жатышат.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛдын соккуларынан 11-октябрда БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн эки шриланкалык эки аскери жараат алган. Бул чабуулдан кийин Франция Израилдин элчисин чакыртып, Италия, Испания менен чогуу бул чабуулду айыптаган билдирүү таратты.

Израил аскерлери миссиянын кеңсесиниен 50 метр аралыкта жайгашкан “коркунучту” бутага алганын жүйө келтирүүдө. БУУнун бейпилдик күчтөрү билдиргендей, окуя алардын Накура шаарындагы баш кеңсесине жакын жерде болгон жана израил күчтөрдү миссиянын аскерлери жашырынган бункерди да аткылашкан. Жыйынтыгында бир катар транспорттук жана байланыш каражаттары жабыркаган.

БУУнун Ливандагы бейпилдик күчтөрү 9500 адамдан турат. Алар Ливанга биринчи ирет 1978-жылы Израил армиясы тынчтык жол менен чыгып кетиши үчүн киргизилген.

XS
SM
MD
LG