Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Иран өз жарандарын коргоодо "кызыл чек жоктугун" билдирди


Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран үчүн өз жарандарын потенциалдуу соккулардан коргоодо "кызыл чек жоктугун" билдирди.

"Соңку күндөрү биздин аймактагы кеңири масштабдуу согушту болтурбоо үчүн зор аракет көргөнүбүзгө карабай, өз элибизди жана кызыкчылыгыбызды коргоодо эч кандай "кызыл чек" жоктугун так айта алам", - деп жазды Аракчи 13-октябрда X социалдык түйүнүнө.

Ал жакында эле Al Jazeera телеканалына курган маегинде Иран "согушту каалабай турганын", бирок андан "коркпостугун" билдирген. Ошол эле маалда Аракчи Иран "кандай гана сценарий болбосун даяр" экенин кошумчалады.

13-октябрда Тегерандын башкы дипломаты Ирактын баш калаасы Багдадга барып, ал жактын жетекчилиги менен Газадагы жана Ливандагы согушту талкуулаганын Ирандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Буга чейин ал Катар менен Сауд Арабиясында болгон. Эми Оманга барары кабарланды.

Ушул күндөрү Израил Ирандын 1-октябрдагы ракеталык чабуулу үчүн Тегеранга жооп кайтарары күтүлүп жатат.

Вашингтондун эсебинде Израил бутага алчу жайлардын тизмесин кыскартып, аскердик жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү калтырды. Бул тууралуу NBC телеканалы 12-октябрда атын атабаган АКШ бийлигинин расмий өкүлдөрүнө таянып кабарлады.

NBCнин билдирүүсүндө Израил Ирандын өзөктүк жайларын бутага алары тууралуу эч кандай белгилер жок деп айтылат. Ошол эле маалда Израил качан жооп кайтарары боюнча соңку чечим кабыл ала электиги белгиленет.

XS
SM
MD
LG