Президент Садыр Жапаров Түркиянын Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Селчук Байрактарды кабыл алып, Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ага “Даңк” орденин ыйгарды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Селчук Байрактар Baykar Technology ишканасы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин айтты.
Дүйнөгө таанылган компанияны бир туугандары менен башкарып жаткан Селчук Байрактар - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы.
Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” пилотсуз учактарын сатып алган. “Байрактар TБ2” - чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алган учкучсуз аппарат. (BTo)
Дагы караңыз
Вебкам иши: Шаардык сот Даниел Ажиев боюнча чечимди күчүндө калтырдыУкраина Орусиянын соккусунан дагы үч жайкын тургуну каза болгонун билдирдиАнестезиолог балдар ооруканасынан ири өлчөмдө "Морфин", "Промедол" уурдоого шектелип жатат Германиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыОрусия Армениянын Иран менен чек арасын кайтарууну токтототПарламентте мектептердеги китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү Армян активисттери Тоолуу Карабактагы адам укугу маселесин козгошту